30.04.2019 12:00

Албек Ибраимов: «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууга Маммүлк фонду өзү уруксат берген

Албек Ибраимов: «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууга Маммүлк фонду өзү уруксат берген

Бүгүн, 30-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлердин иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө, Албек Ибраимов пансионатты сатууга тиешеси жоктугун билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик мүлк фонду 7 жыл мурун «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууга уруксат берип коюп, эми жабырлануучунун ролун ойноп жатат.

«Сатууга уруксатты ким бергенин тактап чыгыш керек. Акция - бул мүлктөн сырткаркы өзүнчө тема. Пансионатты сатуу иштери мен башкармалыктын төрагалыгынан кеткенден кийин жүргөнүн билдирип койгум келет. Менин бул нерсеге катышым жок. «Дастан» ишканасы пансионатты саткандан ири пайда алган», - деп билдирди Албек Ибраимов.

Өз кезегинде соттолуучулардын бири -  «Дастан» ишканасы боюнча кылмышка тиешеси жок Сталбек Өмүракунов дагы бир жолу кылмыш ишин бөлүүнү талап кылды.  

«Менин бул ишке эч тиешем жок. Күнөөм да жок. Эмне үчүн сот процессин жабык өткөрүп жатасыңар? Же болбосо, бизди кайтаруудан бошоткула. Эмнеге укуктарыбызды тебелеп жатышат? Беш ишти бөлүп кароону талап кылам», - деп нааразыланды ал. 

Башка экс-мэр Кубанычбек Кулматов болсо, бул отурумга катышуудан баш тартты.