02.05.2019 13:55

Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовду камакта кармоо мөөнөтү узартылды

Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовду камакта кармоо мөөнөтү узартылды

Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовду камакта кармоо мөөнөтүн сот дагы эки айга узартты. Бул туурасында бүгүн, 2-майда Ленин райсотунда өткөн соттук отурум учурунда белгилүү болду.

Буга чейин жактоочу Сергей Слесарев камакта кармалып тургандардын жаза өтөө мөөнөтүн өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал Кулматов менен Ибраимов бир айдан ашык убакыттан бери мыйзамсыз камакта отурушканын билдирген. 

Сот кеңешүүчү бөлмөгө чыгып кетип, бардык соттолуучулардын камакта калуу мөөнөтүн дагы эки айга узартуу чечимин кабыл алды. Ошондой эле, соттук териштирүүнүн мөөнөтү дагы эки айга узартылды.