13.03.2019 10:59

Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча соттук отурум жылдырылды

Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча соттук отурум жылдырылды

Бишкектин экс-мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум 20-мартка жылдырылды. Бул тууралуу April.kg порталынын кабарчысы Аман Бакиров билдирди. 

«14 айыпталуучунун ичинен 4 айыпталуучу өзүн айыптоо чечими менен тааныша элек болгондуктан, соттук процесс дагы бир жумага жылдырылды. Буга чейин жактоочулар сотко отурумду кенен залда өткөрүү өтүнүчүн келтиришкен, бирок аны судья канааттандырабы, же жокпу азырынча белгисиз», -дейт кабарчы. 

Эске сала кетсек, бүгүн Ленин райондук сотунда экс-мэрлердин жана дагы 12 айыпталуучунун үстүнөн соттук отурум болмок. Алгач отурум ачык болот деп айтылган менен журналисттерди жыйындар залына киргизишкен жок. Бул ирет да айыпталуучулардын тарапташтары көп келгендиктен, күзөттө турган  милиция кызматкерлери арасынан тандап гана эң жакын туугандарын кое беришти. Ошондой эле, бул жолу  жыйындар залынын сыртында турган милиция кызматкерлеринин саны мурункуга салыштырмалуу көп экени айтылды.