17.06.2019 13:32

Албек Ибраимов: Сот процессин атайын уюшкандык менен создуктуруп жатышат

Албек Ибраимов: Сот процессин  атайын уюшкандык менен создуктуруп жатышат

Бүгүн, 17-июнда Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши каралууда. Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев айыпталуучу адамга карата мектеп курулушу боюнча кылмыш ишин токтотууну суранды. 

«Мектеп боюнча кылмыш иш ойдон чыгарылганын баары билет. Эч кандай далил жок. Эмне үчүн булар сотто отурушу керек? Ибраимовду бул иш боюнча тергөөнүн акырында айыптап башташты. Ал мэр катары буйрук чыгарууга милдеттүү болчу, ага кызматтык адамдар кол койгон. Андан сырткары, акча каражаты бул убакта бөлүнгөн болчу. Каражат боюнча буйрукка кол коюу - айыптоо эмес. Бул дегеле мэрдин маселеси эмес», - деди жактоочу. 

Слесарев ошондой эле, Ибраимов эч кандай материалдык пайда көрбөгөнүн билдирди. 

«Сот бул фактыга көңүл бурушу абзел. Ибраимовго карата кылмыштык куугунтукту токтоткула», - деди адвокат.

Өз кезегинде Албек Ибраимов иш саясий өңүттө экенин билдирди. 

«Мени мектеп боюнча кылмыш ишке кошуп коюшту, ошол себептен бардык кылмыш иштерин бириктиришти. «Күнөстүү жээк» боюнча эч жерде кол койгон эмесмин. Ал жакта виртуалдык Ибраимов кол коюп чыккан. Процессти тергөө, сот жана прокуратура атайын уюшкандык менен создуктуруп жатышат. Ишти мени жабыштыра коюшкан үчүн гана бириктиришти. Саясий система өзгөрөт, муну эске алгыла, анткени, силерге да ушул мамлекетте жашоого туура келет», - деди ал сотко. 

Сот кеңешүүчү бөлмөгө  барып келген соң, өтүнүчтү четке какты.