17.06.2019 11:18

Албек Ибраимовдун жактоочусу пансионат боюнча кылмыш ишти бөлүүнү дагы суранды

Албек Ибраимовдун жактоочусу пансионат боюнча кылмыш ишти бөлүүнү дагы суранды

Бүгүн, 17-июнда Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши каралып жатат.

Отурумда жактоочу Сергей Слесарев «Күнөстүү жээк» пансионаты боюнча кылмыш ишти бөлүп кароо өтүнүчүн келтирди. Анын айтымында, «Дастан» ишканасынын мурунку директору Юрий Васильевге карата пансионат боюнча кылмыш иш өзүнчө бөлүнүп каралууда. 

«Кылмыш ишин бөлгөндөн кийин айыпталуучу катары жалгыз Албек Ибраимов өтүп жатат. Калган 13  айыпталуучунун бул кылмыш ишке байланышы жок. Андыктан, мен кылмыш ишти өзүнчө өндүрушкө алууну туура көрөм», - деди жактоочу. 

Сот өтүнүчтү четке какты.