14.08.2018 09:30

Алданган куруучу салган үйлөрүн экскаватор менен түрттүрүп салды

Алданган куруучу салган үйлөрүн экскаватор менен түрттүрүп  салды

Улуу Британияда ызаланган үй куруучу өзү курган үйлөрдү талкалап салды. The Sun басылмасы билдиргендей, жалпы чыгым 2,5 миллион  фунт стерлингди  (217,3 миллион рубль) түздү.

Окуя Хартфордшир графтыгындагы Бантингфорд шаарында болуп өткөн. 30 жаштагы Даниель Нигоу жаңы конушка эки экскаваторду айдатып келип, сузгусу менен 5 турак-жайды сүрдүрүп салды. Күбөлөрдүн айтымында, бул убакта ал өзү каткырып, сүрөткө да тартып жаткан. Жергиликтүү тургундардын аны токтотуу аракетинен майнап чыккан эмес. Нигоу аларды жооткотуп, куруп бергени үчүн акы төлөбөй коюшкан үйлөрдү гана бузуп жатканын билдирген.  

Тургундар полиция чакырышып, жумушчуну салып беришти. Нигоу полиция колуна кишен салып жатканда каршылык көрсөтпөстөн, өзүн токтоо алды.

Жигитке мүлктү атайылап жок кылуу беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул иши үчүн куруучу 10 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн.