16.07.2018 17:38
Алдыдагы 3 күн ичинде Бишкек мэринин кызмат орду бошоор-бошобосу белгилүү болот
Алдыдагы 3 күн ичинде Бишкек мэринин кызмат орду бошоор-бошобосу белгилүү болот. Бүгүн өкмөт аппаратына Бишкек шаардык кеңешинин мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечими келип түштү.
Эми 3 күн ичинде премьер-министр шаардык кеңештин бул чечимине карата өз пикирин билдириши керек.
Эскерте кетсек, 13-июль күнү Бишкек шаардык кеңештин депутаттары чукул жыйынга чогулуп, көпчүлүк добуш менен Бишкек мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн. Мэр Албек Ибраимов өзү 10-июлдан тарта эмгек өргүүсүндө болгондуктан, жыйын тууралуу кеч уккан.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: