06.03.2019 12:11

Алексей Петрушевский ээлеген кызматынан бошотулду

Алексей Петрушевский ээлеген кызматынан бошотулду

Кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборунун директору Алексей Петрушевский ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти. 

Мындай чечимди борборду негиздеген Бишкек шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгы  КР Эмгек кодексиндеги беренелерге таянып, чыгарган. 

«Мурунку жетекчиге мыйзамга ылайык компенсация төлөнүп берилет», -деп айтылат маалыматта. 

Ал эми, Борбордун кызматкерлери Алексей Петрушевскийди бошотууга себеп жок деп эсептешет. Мекеменин социалдык кызматкери Анастасия Чуйкованын April.kg порталына билдиргенине караганда, мурдараак Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Борборду жаап, имаратта балдар бакчасын ачууну сунушташкан эле. «Азыр иштин баары ошого бара жатат окшойт», - дейт Анастасия Чуйкова.