20.04.2019 18:56

Алга Кылычев: Бийлик «Текебаевди Атамбаев мыйзамсыз соттоткон» деген пикирди элге таңуулоодо

Алга Кылычев: Бийлик «Текебаевди Атамбаев мыйзамсыз соттоткон» деген пикирди элге таңуулоодо

Кечээ, 19-апрелде КСДПын Саясий кеңеши өзүнүн кезектеги отурумун өткөрүштү. «Апрель» каналынын кабарчысы Кеңештин мүчөсү Алга Кылычев менен жыйында кандай маселелер козголгону тууралуу  маектешти. 

— Алга Зарипович, жакында эле КСДПнын Саясий кеңеши бир топ суроону талкуу кылыпсыздар. Анын ичинен Текебаевдин да темасы козголуптур. Эмне чечимге келдиңиздер?

— Бийликтин мыйзамсыз иштерин да талкууладык. Ошол эле Адилеттүүлүк министри адилетсиз, рейдерлик жолго макул болушуп, кайсы бир киши тааныбаган Сагынбек Абдрахманов деген, менин пикиримде, саясатта оор салмагы жок адамдын атына биздин партияны каттап коюшуптур. Азыркы бийлик «Өмүрбек Текебаев бир убакта Алмазбек Атамбаевдин түздөн-түз көрсөтмөсү менен мыйзамсыз соттолгон, ал саясий туткун» деген пикирди элге сиңиртүүгө аракет кылып жатат.  

— Сиздин оюңузча, Текебаевдин күнөөсү барбы, же жокпу?

— Мен юрист эмесмин, бирок соттун мыйзамдуу чечимине баарыбыз макул болушубуз керек. Булар айтып жаткандай, Атамбаев буйрук берип каматканга мыйзам да жол бербейт, укугу да жок. Далил келтире турган болсок, биздин мурунку экс-прокурорубуз, ошол эле Текебаевдин тарапташы, «Ата Мекен» партиясынан чыккан экс-депутат Аида Салянова деле «Азаттыкка» интервью бербеди беле. Ал «Атамбаев эч качан мага тигини, же муну кама деп буйрук берген эмес» деп айткан. Муну коомчулук билип алыш керек. 

— Белгилей кетсек, Аида Салянова менен Алмазбек Атамбаевдин мамилеси өтө жакшы болгон эмес? 

— Ал кезде Аида Жеңишбековна Атамбаев менен мамилеси бузулуп, прокуратурадан кетип, калп айтпасам, Текебаевдин «Ата Мекен» партиясы менен депутаттыкка аттанып аткан учуру болчу. Ошондо сиздердин кесиптештер «Сизге Атамбаевдин буйрук бергенин мойнуңузга аласызбы?» деп провокациялык  мүнөздө суроо беришкен. Аида Салянованы ушул сөзүнөн кийин урматтап калдым, ал бул суроого  - «мага Атамбаев президент болуп турганында муну кама, же тигини кыл деп буйрук берген эмес» деп так кесе жооп берген. Андан болгону мыйзамдуу иштеп берүүнү суранганын айткан. Бул - эми тарых. Эки экс- прокурорлор Аида Жеңишбековна дагы, Индира Жолдубаева дагы Алмазбек Атамбаев аларга эч кандай буйрук бербегенин тастыктап беришти.