09.08.2019 18:16

Алга Кылычев бийликке: Жоокерлердин барымтада калышы - бийликтин атайын кылганы

Алга Кылычев бийликке: Жоокерлердин барымтада калышы - бийликтин атайын кылганы

Социалдык тармакта Атамбаевдин тарапташтарынын бири, КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычевдин кайрылуусу тарады. Анда ал ички иштер министринин орун басары Курсан Асановду сөзүнө турган жок деп айыптады.

«Биздин тарапташтар кармап, бир бөлмөгө коюп дарылап аткан күч түзүмдөрүнүн жоокерлерин сиз эртең мененки 9:00дө алып кетмексиз. Алып кеткенден кийин биз тарапка эч кандай чабуул болбойт, мыйзамсыз иштер болбойт деп генералдык сөз бергенсиз. Сиз өзүңүздүн генералдык убадаңызга турган жоксуз. Саат 9:00дө келбей койгонуңуздан кийин силердин жоокерлерди канаттууга кактырбай, 16:00дө өзүбүз өткөрүп бердик. Сиз жоокерлерди алгандан кийин эле мыйзамды тебелеп, убадаңызга турбай экс-президенттин кол тийбестиги турса дагы үйүнө чабуул кылдыңар», -дейт Алга Кылычев.

Ал ошондой эле, «Альфа» атайын бөлүмүнүн алты жоокеринин барымтада калышын «атайын жасалган иш» катары баалады. 

«Бийлик жанагы жаш, күнөөсү жок жигиттерди аз санда жиберип, атайын элди, аялдарды, балдарды аттырып, провокация кылдырып туруп, анан биздин колго түшүрүп берип, «мына биздин аскерлерди кармап атат» деген тактика менен иш алып барды. Атайын планыңар менен  КТРК аркылуу элдин башын айлантып жатасыңар», -деди ал.

Алга Кылычев экс-президенттин тарапташтарына кайрылып, «Элдик штаб» өлкөдөгү мыйзамсыздыкка жана акыйкатсыздыкка каршы күрөшүүнү мындан ары да күчөтөөрүн билдирди.