26.02.2019 11:17

Алимент төлөбөгөн ата-энеге өлкөдөн чыгууга тыюу салынат

Алимент төлөбөгөн ата-энеге өлкөдөн чыгууга тыюу салынат

Эми алимент төлөбөгөн кыргызстандыктар айдоочулук күбөлүктөн ажырап, чет өлкөгө чыга албай калышы мүмкүн. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева маалымат жыйында билдирди. Демилгечилердин айтымында, бул мыйзам үй-бүлө, энелик, аталык жана балалыкты коргоо максатында кабыл алынган.