09.01.2020 11:38

Бишкекте жол кырсыгынын кесепетинен эки бала жабыркады

Бишкекте жол кырсыгынын кесепетинен эки бала жабыркады

Бишкекте № 243 маршруттук унаа кырсыктап, 3 киши жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгына таянып жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 16:15 чамасында Байтик Баатыр көчөсү менен түштүктү карай бара жаткан «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдун четиндеги тосмону, андан ары даракты сүзүп токтогон.

«Рулду 37 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен 3 киши жаракат алды. Алардын экөө жаш балдар», — деп айтылат билдирүүдө.