05.10.2018 16:18

Алып баруучу түз эфир учурунда ассистентин сууга түртүп алды

Алып баруучу түз эфир учурунда ассистентин сууга түртүп алды

ITV каналынын аба ырайын айткан алып баруучусу Элисон Хэммонд түз эфирде ассистентти сууга түртүп салды. This Morning телекөрсөтүүсүнүн бул окуя түшүрүлгөн кесими Twitter социалдык тармагына жарыяланды.

Аба ырайынын божомолу менен тааныштырып жатып Хэммонд Ливерпуль портунда жайгашкан Улуу Британиянын сууда калкып турган макетинин үстүнөн ары-бери басып аткан. Түндүк Ирландиядагы аба ырайы тууралуу айтыш үчүн алып баруучу бир аралдан экинчи аралга «аттап өтүшү» керек болчу. 

Өтүп келатып, боюн токтото албай калган аял аны тосуп чыккан ассистенттин бирин Мерси дарыясына түртүп алды.

Ливерпуль менен түз байланышка чыгып жаткан студиядагы алып баруучулар да алгач чоочуп кетишти, кийин күлкүлөрүн тыя алышкан жок.

Суудан чыккан кесиптешин кучактап, кечирим сураган Хэммонд: «Өзүңүздөр көрүп жаткандай эле, Түндүк Ирландияда аябай суулуу аба ырайы болот!» — деп тамашалады алып баруучу.