05.03.2018 16:37

Алмамбет Шыкмаматов жүрөк оорусунан улам ооруканада

  Коом (6 материалов)

ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматовго байланыштуу бүгүнкүгө белгиленген соттук жараян болгон жок. Буга себеп- айыпталуучунун ооруканага жатып калышы.  Бүгүн Бишкек шаардык сотунда ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматовго карата Биринчи май райондук сотунун өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчүн кароо уланмак.  Адвокат Чынара Жакупованын айтымында, эл өкүлү  жүрөк оорусу коркунучунан улам ооруканада, дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө жатат. Андыктан, бүгүнкү соттук жараянга келе алган жок. Жактоочунун  “бейтап айыккыча соттук териштирүүлөрдү токтото туруу” өтүнүчүн сот четке какты. Кийинки соттук отурум 13-мартка белгиленди.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 19-декабрда Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматовду күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айыпка жыккан. Тергөөнүн маалыматында "2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын-ала сүйлөшүп,  аялына таандык,  ошол кезде 10 миң доллар турган "Мерседес-Бенц Е320" автоунаасын андан кымбат баага сатып жиберген " деп айтылат.