14.03.2018 14:00

Алматада Гиннес рекорддор китебине кирүү үчүн эң узун курак куралат

Алматада Гиннес рекорддор китебине кирүү үчүн эң узун курак  куралат

Нооруз майрамын белгилөө алкагында Алматада эң узун курак курап башташат. Бул тууралуу казак ЖМКлары шаардын басма сөз кызматына шилтеме берип билдирет.

Максат- Гиннес рекорддор китебине жаңы рекорд коюу. Улуттук курактын  аянты 25 миң 500 чарчы  метр болоору белгиленет. Тигүү иши 22-мартта Ноорузду белгилөө күнү башталып, жарым жылга созулат. Сентябрда Алматы шаарынын күнүн белгилөө учурунда биринчи президенттин паркында бүткөн курак  элге көрсөтүлөт. Кийин анын бөлүктөрү  ар кандай көргөзмөлөргө коюлмакчы. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн шаардын 25 китепканасында салттуу казак курагынын   элементтерин кабыл алуу жүрөт.

Буга чейинки рекорд Порто (Португалия) шаарында 2000-жылы коюлган. Анда 25 миң 100 чарчы метр курак  тигилген.

Эскерте кетсек, 11-мартта Бишкек шаарында Гиннес рекорддор китебине кирүү максатында 1 тонна 464 кг бешбармак жана 117 метр чучук жасалган.