29.05.2020 08:34

Хирург Мамбет Мамакеев Гиннестин рекорддор китебине кирди

Хирург Мамбет Мамакеев Гиннестин рекорддор китебине кирди

Медицина илимдеринин доктору Мамбет Мамакеев узакка созулган карьерасынан улам Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу Китептин расмий сайтында айтылат.

“Хирургдун эң узакка созулган карьерасы 67 жыл 181 күндү түзөт. Бул көрсөткүч бишкектик Мамакеев Мамбет Мамакеевичке таандык (Кыргызстан). Маалымат 2020-жылдын 29-февралында тастыкталды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Сайтта Мамакеев медицинадагы жетишкендиги үчүн Кыргызстандын ардактуу атуулу экени да белгиленет.

Профессор Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында төрөлгөн. Ал Кыргызстандагы Медициналык академияны бүтүргөн. СССР убагында Жогорку Советтин депутаты, эгемендик жылдарында Жогорку Кеңештин депутаты болгон.  Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын 2004-жылы алган.