13.09.2019 10:48

Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүндө Бишкекте тынч акция өтөт

Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүндө Бишкекте тынч акция өтөт

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүндө Бишкекте тынч акция өтөт, деп билдиришти КСДПдан. 

Партиядан кабарлашкандай, кечээ калаа мэриясына Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата тынч акция өткөрүшөөрү тууралуу кабарлама беришкен. 

Иш-чара 17-сентябрда саат 16:00дө Горький паркында өтөт. 

Андан тышкары, акция өткөн жерде куттуктоо жана каалоо-тилектер кабыл алынып, аларды тарапташтары кийин Алмазбек Атамбаевдин өзүнө тапшырышат.  

«Бардык шаар тургундарын жана конокторун чакырабыз», -дешет партиядан.