10.12.2018 22:27

Алмазбек Атамбаев башка мамлекеттер менен мамиленин бузулушунун себептерине токтолду

Алмазбек Атамбаев башка мамлекеттер менен мамиленин бузулушунун себептерине токтолду

«Апрель» телеканалына берген маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев башка мамлекеттер менен мамиленин бузулушунун себептерине токтолду.

Сиз эмоционалдуу президент болдуңуз. Бетке айттыңыз, кээде орой эле сүйлөп салчусуз. Анан сиздин кээ бир саясий оппоненттериңиз «Атамбаев ушул терс мүнөзү менен башка мамлекеттер менен мамилени бузду, казактар менен урушту, турктөр менен урушту» деп сизди күнөөлөп келишет. Буга кандай жооп бересиз, эмнеге мындай кадамдарга барчу элеңиз?

—Мени Кудай чынында ошондой жаратып коюптур. Болгонун болгондой айтып коем.  Аным бар. Акты ак деп коем, караны кара деп коем. Менде тымпыйып, колтугумда котур ташты алып жүрүү сапаты жок.  Болгонун болгондой айтам.

Назарбаев, Казакстан боюнча айтсак, билесиңер, президенттик  шайлоо башталып калган. Ошол кезде коңшубуз президент Назарбаев талапкердин бирин чакырып алып, ачык эле колдоп атпайбы. Мына азыр ушундай башка бир мамлекеттин колдоосу болгон деп Америкада, Европада кандай чуу чатактар чыгып атканын билесиң.  Кээ бир адамдарды «муну орус колдогон» деп каматып атат. Бул жакта ачык эле бир тараптуу кыргыз элине бир талапкерди таңуулап атса...

Биз - эгемендүү мамлекетпиз. Туура,  биз Казакстандай бай эмеспиз. Казакстандай чоң эмеспиз. Бирок, биз - эгемендүү мамлекетпиз да. Биз өзүбүздү өзүбүз сыйлабасак, бизди ким сыйлайт? Мен ошондо эле кылганым өзүмө терс таасир этерин билгем.  Бирок Кыргызстандын келечеги үчүн, Кыргызстанда мындан ары парламенттик шайлоо болобу, президенттик шайлоо болобу, тыштан бирөө кийлигишпесин деп мындай кадамга баргам. Өкүнбөйм, ачык айтайын. Өкүнбөйм. Кыргыздарда деле бир күнү намыс ойгонот. Туура, биз коңшуларга караганда бай эмеспиз. Бирок, биз- эң байыркы элбиз. Намыс дегенди бийик кармаш керек, намысты сакташ керек.

Түркия боюнча алсак, мен бир жаман ой же жаман сөз айткан жокмун. Мен болгонун болгондой айттым. Түрктөр мага эмнеге таарынды? Биринчиден, билесиңер, ошол кезде түрктөр орустун самолетун ракета менен атып түшүргөн.  Кийин чоң чуу болгондо, мен бул чоң катачылык болду, туура эмес болду түрк тарабынан деп айттым. Ошондо, мага Атамбаев орустарга болушуп атат деп катуу таарынышты. Бирок, алты ай өтпөй өзүлөрү туура эмес кылыптырбыз деп, керек болсо, орустардан кечирим сурады.

Экинчи таарынычын билесиң. Түрктөрдүн тышкы иштер министри “Себат” мектептеринде террористтерди даярдап атат, баарын жабыш керек деп бакылдап чыкканынан,  мен  “Бул биздин мектептер, террористтерди даярдап атабы, башкаларды даярдап атабы, өзүбүз тактап билебиз,” деп, “Себат” мектептерин жаптырбай койгом.  Бирок, ошол эле “Себаттын” чоңдоруна сүйлөшүп туруп, “Себаттын” атын “Сапат” кылып өзгөртүп, мүлкүнүн 30 пайызын биздин Билим берүү министрлигине алып бердим. Бирок аны да ошол кезде түрктөр “Бул жетиштүү эмес” деп кабыл алган эмес. 

Бирок, быйыл күзүндө келгенде “туура болуптур” деп кабыл албадыбы.  Жасаган иш- меники. Ошондуктан эмне дээр элем. Мен өзгөчө ушундай ушактарды урматтуу Тайип Эрдоганга жеткирип, ишендиргенине өкүнөм. Мисалы, “Түркияда коңторулуш болгондо Атамбаев колдогон жок” деп жеткиришти.  Түркияда төңкөрүлүш болгондо, эң биринчи “бул туура эмес, Эрдоганды колдойбуз”  деп мен айткам. Бишкекте ошондо саат 11 болчу. Түркияда саат 8 болчу. Эч ким колдобой күтүп турганда, биз колдоп чыкканбыз саат 11де. Ошол кездеги сайттарды көтөрсөк болот. Анан кийин менин кайгырып атканым, мен Тайип бейдин көп жакшылыгын көрдүм, Кыргызстан дагы көрдү. Мына Түрктөр менен мамилени бузду дейт, мен Түрктөр менен мамилени оңдогом. Мага чейин Түрктөргө 50 миллион долларлык кредит үчун өкүртө  пайыздарын төлөчүбүз. Мен премьер, президент болгондон кийин Түрк менен мамилени оңдоп туруп, ошол кредиттерди кечтирбедимби. 50 миллион долларды мен кечтиргем. Ошол эле Тайип бейден Кыргызстан үчүн, ошол эле Тарых музейи үчүн, Ыйман фонду үчүн эки-үч грант алдык.