24.07.2019 13:23

Алмазбек Атамбаев баштаган делегация Москвага учуп кетти. Делегациянын курамы

Алмазбек Атамбаев баштаган делегация Москвага учуп кетти. Делегациянын курамы

КР экс-президенти Алмазбек Атамбаев баштаган делегация Москва шаарына учуп кетти. Чакырган тарап РусДжет авиакомпаниясына таандык ВС: RRJ-95B типиндеги атайын борт жөнөткөн. Бул тууралуу Атамбаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Facebook баракчасына жазды. 

Делегациянын курамы:

  • КР экс-президенти  Алмазбек Атамбаев;
  • КСДП төрагасынын милдетин аткаруучу Асель Кодуранова;
  • КСДП төрагасынын орун басары: Мурадыл Мадеминов, Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаева;
  • КСДП Россиядагы расмий өкүлү Темирлан Султанбеков.

Москвада жогорку даражадагы жолугушуулар пландалган.