10.12.2018 21:39

Алмазбек Атамбаев Бишкек ЖЭБи, анын наркы жана Сапар Исаков «алды» делген 100 миллион доллар тууралуу

Алмазбек Атамбаев Бишкек ЖЭБи, анын наркы жана Сапар Исаков «алды» делген 100 миллион доллар тууралуу

Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде ТЭЦ маселеси жана анын айланасындагы ушактар — оң колу Сапар Исаков 100 миллион доллар пара алып аны менен бөлүшкөн деген сөздөргө токтолду. 

«Бишкек ТЭЦинин наркы эки эсе жогорулатылган, миллиондор алынган деп жатышпайбы.  Энергетиканы алсак, энергетикада ар бир салынган объектинин өздүк наркы бир мегаваттка карата алынат. Бир мегаваттка карата алынган нарктарды алсак, Бишкек ТЭЦинин бир МВт  наркы - миллион доллар, же  1,28. Эгерде Казакстандын Караганда ТЭЦ-4 дегенди алсак, 2,31. Бизде 1,28 болуп атат. Аларда мегаваттын баасы биздикине эки эсе көп. Ошол эле Казакстанда Семей шаарындагы ТЭЦ -3тү ала турган болсок, 2,88. Бизде- 1,28. Биздикине салыштырмалуу 2,5 эсе кымбат болуп атат.  Өзбекстанда Туура-Кургандыкы арзан деп айтышат. Туура, аныкы арзан. Биз да таң калып, биринчи сандардан адашып да кетип, анан жакшылап карасак, Туура-Курганда салынып жаткан ТЭЦ жарандарга жылуулук  бербейт экен, ысык суу бербейт экен. Ошол себептен арзан. Душанбе ТЭЦин да айтып жатышат. Аны да, Бишкектегини да TBEA салган. Бишкекте 1, 28 болсо, Душанбеде 1,32. Бул жакта бир эле этапты көрсөтүп, оюн кылып жатышат. Биринчи этап- 349 миллион доллар, экинчи этап- 180 миллион доллар. Кошуп туруп, анан кубаттуулугу 400 мегаватт, ошондо 1,32 болот.  Бизде 1,28 болсо, Душанбеде 1,32 болуп окшошуп атпайбы. Душанбеде TBEA «бул өтө эле арзан, мындай наркка сала албайбыз» деп соодалашкан окшойт, акчасынан башка Тажикстандын чондору TBEAге эки алтын кен берген. Ал кендердеги алтындын көлөмү 130-160 тоннага чейин дейт. Мындайча айтканда, эки Жерүй.  Биздикиндей нарк менен салып, андан тышкары 2 Жерүйдү берип жатат. Ойлосоңор, мен Кыргызстанда төлөнгөн акчанын үстүнө эки Жерүй эмес, жарым Жерүй берсем, мени жеп салышпайбы кыргыздар. Каяктагы 100 миллион доллар? Каяктагы үстүнөн акча? Таң калат экенсиң, анан чын эле Сапар Исаков 100 миллион доллар алса...Мен азыр  анын үй-бүлөсүнүн ахывалын билем да. Мына, Сапар иштеп аткан кезинде деле инимдей көрүп жардам берчүмүн. Азыр деле үй-бүлөсү менен кабарлашып турам. Жакында эле келинчеги Малика келип кетти. Кичине жардам бердим.  Акыбалы башка да... Менин душмандарымдын  мага каршы бир эле куралы бар,  ал-ушак. Ушак, башка бир да куралы жок. Бирок, эртели-кеч чындык чыгат. Балким, ТЭЦ курулуп атканда кимдир-бирөөлөр уурдагандыр. Бизде кыргыздарда  аткаминерлер, чоңдор уурдамайын тура албайт экен. «Шайтандын чоңунан кичинеси»  дегендей,  кычкач деп, ичинде 10-11 инструменти бар жанагы эки комплектини бирөө ала койгон экен, мүмкүн, дагы бир жерден уурдаган. Бирок, эми Сапар Исаковдун эмне күнөөсү бар? Сапар Исаков TBEAдин кызыкчылыгын коргогон  деп атышат.  Кытай элчилигинен келген кат бар, ал  бүт депутаттарга таратылган. Аны Жээнбеков биринчи кезекте өзү билет.  Ошол каттын  бир үзүндүсүн окуп берейин. Орусча жазылып, кытай элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчисинен келген, анткени бул маселеге ошол кеңешчи жооп берет: «Компания «TBEA» утверждена единственным исполнителем данного проекта на уровне Правительства КНР». «Кытай өкмөтүнүн деңгээлинде чечилген»,- дейт. Кытай өкмөтү бул долбоорду TBEA жүзөгө ашырат деп бизге кат берип атса, Сапар Исаков эмес, президент Атамбаев эчтеке кыла албайт да.  Акчаны берген, кредитти берген мамлекет ушундай чечтик десе?