26.06.2019 14:10

Алмазбек Атамбаев: Болгон чындыкты Батукаев өзү жигитчесинен айтып берет деп ойлойм

Алмазбек Атамбаев: Болгон чындыкты Батукаев өзү жигитчесинен айтып берет деп ойлойм

Экс-президент Алмазбек Атамбаев элге билдирүү жасады.

Текстти толугу менен беребиз: 

Урматтуу мекендештер!

«Сиздер учурда Жогорку Кеңеште эмне болуп жатканын көрүп турасыздар. Эл чындыкты укпасын деп Сооронбай Жээнбеков менин үнүмдү басыш үчүн бүт аракетин жасап жатат. Бул максатка жетишүү үчүн мамлекеттик органдардын бүткүл ресурсу иштеп жатат. Буга мурдакы ыплас коррупциялык иштери менен белгилүү болгон эң эле ыплас саясатчылар тартылган, кадыресе адептин чегинен чыккан маалыматтык технологиялар пайдаланылууда.

Мен мурда бул оюнга катышпай турганымды билдиргенмин. Жоопкерчиликтен корккон жерим жок. Бирок тарыхтын алдында Жээнбековдор кылып жаткан мыйзамсыздыкты легалдаштырууга акым жок. Кылмыш иштери ушактарга жана ойдон чыгарылган ыплас нерселерге негизделиши мүмкүн экенин эч качан ойлогон эмес элем. Башкы прокурордун жагалданып, мындай жөөлүгөн калжыракты бир күндүн ичинде мыйзамдаштырып берери оюма да келбептир. Бул биринчиден. Экинчиден, мени парламентке эч ким чакырган эмес. Анткени чындыктан коркушат. Өзүлөрүнүн бардык арам иштерин бул суу жүрөктөр бетпактык менен тымызын жасап көнүшкөн. Бажыдагы чектен чыккан коррупциянын бетин ачкан Кубан Кулматов менен Сапар Исаковду да ушундай эле коркоктук жана кара санатайлык менен камап салышкан.

Мага тагылып жаткан айыптоолордун маңызына келсек, мен дагы бир жолу кайталайм: мунун баары түккө турбаган былжырак айың кептер. Мисалы, прокуратура менин бизнес өнөгүм катары көрсөтүүгө аракеттенип жаткан ошол эле Субихи Пархатини алалы. Бул 2017-жылдын жайында Сооронбай Жээнбеков мага тааныштырган «АКА инвесттин» башчысы Хабибулла Абдыкадырдын сунушу менен менин мурдакы компанияларымдын бирин сатып алган адам.Жээнбеков мага Хабибулланы Кытайдан келген таанымал ишкер деп тааныштырган. Ошондуктан «АКА инвесттин» ээлери жөнүндө, бул компаниянын Кыргызстандын аймагындагы ишкер-долбоорлорго катышуусу, алган лицензиялары жана алардын Матраимовдор менен болгон байланыштары жөнүндө Сооронбай Жээнбековдон сураш керек.

Артыкбаев менен Атахановдун мага каршы берген көрсөтмөлөрү да кысым астында алынганы ачык-айкын көрүнүп турат. Бул тергөө менен келишимге келүү эмес, өз ыйманына камчы чапкандык. Ыйман деле буларда калбаган окшойт.

Убагы келгенде Батукаевдин иши боюнча болгон чындыкты Батукаев өзү жигитчесинен айтып берет деп ойлойм. Аны бошотуу боюнча афераны кимдер ойлоп тапканы, ага рак менен оорулуу, жакында өлөт деген документтерди ким даярдаганы жана бул жардамы үчүн кимдер канча акча алганы жөнүндө ачык айтса болмок.

Мен ошондой эле бул маселе боюнча Россия Президенти, урматтуу В.В. Путин да өз сөзүн айтаарына ишенем, анткени мен андан Батукаевди кайрадан Кыргызстанга кайтаруу жөнүндө оозеки да, кат түрүндө да далай жолу сурангам. Мен өзүмдүн президенттик мөөнөтүмдүн акыркы күнүнө чейин Батукаев кайра Кыргызстанга өткөрүлүп берилет деп ишенгенмин. Бүгүн бул фактылар туурасында кыргыз бийлиги унчукпай жатат.

Мен эмне иштерди аткарсам, анын баарын Кыргызстандын эли үчүн жасагам. Болгон күч-аракетимди биздин жаш мамлекеттин көз карандысыздыгын бекемдөөгө, элдин турмушун жакшыртууга жумшагам.

Сооронбай Жээнбеков көлдөй болуп мемиреп, тынч жаткан элди көздөй мыйзамсыздыктын, зөөкүрлүктүн кара ташын ыргытты. Эми бул көлдөн көтөрүлгөн толкун Жээнбековдун өзүн да, анын түрү суук үй-бүлөлүк – кландык режимин да шыпырып кетери анык. Экономикада жана социалдык чөйрөдө эч кандай оң жылыштар болбой, мамлекеттик башкаруу шал абалга кептелип турган азыркы кырдаалда бул толкунду эч ким токтото албайт».