Алмазбек Атамбаев: Кеңештерим менен эскертүүлөрүмө калп жана жалаа кампаниясы менен жооп беришти
Мындай калптар менен жалган жалаалар Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин да убагында да болгон эместигин экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына берген маегинде билдирди.
Айтымында, адамдарга чындыкты ачып берүүнү каалагандыктан гана үн катууга туура келди.
“Азыр менин кеңештерим көңүлгө алынбаганы көрүнүп турат, ал эле эмес партиянын съездинен кийин Атамбаевге жана үй-бүлө мүчөлөрүнө карата калп менен ушактардын кампаниясы күч алды. Мындай жалганды жана ушактарды мен Акаев менен Бакиевдин дагы убагында көргөн эмесмин. Тилекке каршы, биздин эл көп учурда жаман сөзгө бат ишенишет. Геббельс айткандай эле, жалаа канчалык коркунучтуу болсо, ага ошончолук тез ишенишет. Менин оюмча азыр баарына чекит коюуга убакыт келди, элге чындыкты айтыш керек”,- деди Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: