04.06.2019 10:00

Алмазбек Атамбаев «Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн» митингине катышат

Алмазбек Атамбаев «Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн» митингине катышат

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев «Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн» урааны менен өтүүчү митингге катышат. Бул туурасында КСДП төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, иш-чара 8-июнда «Медиа-форум» имаратынын алдында саат 11:00дө башталат. Ага экс-президенттен тышкары, КСДП мүчөлөрү, башка саясий партиялардын, коомдук кыймылдардын, бейөкмөт уюмдардын лидерлери жана Кыргызстандын кайдыгер эмес бардык жарандары чакырылган.