13.11.2019 09:59

Алмазбек Атамбаев: Мага канча абак мөөнөтүн беришпесин даярмын, бирок башкалар бошотулууга тийиш

  Алмазбек Атамбаевдин иши (32 материалов)
Алмазбек Атамбаев: Мага канча абак мөөнөтүн беришпесин даярмын, бирок башкалар бошотулууга тийиш

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаев билдирүү таратты.

Текстти толук беребиз: 

Урматтуу мекендештер!

«УКМКнын атайын бөлүгүнүн 2019-жылдын 7-августунда менин үйүмө курал менен мыйзамсыз басып кирип, ал жердеги Кыргыз Республикасынын экс-президенти менен салтка айланган жолугушууга чогулган тынч калкка ок атканынан бери үч ай өттү. 

УКМКнын жана ИИМдин менин үйүмдөгү мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам ок атуу туурасында маалымат каражаттарынан угуп, кыжыры кайнаган жакын жердеги жергиликтүү тургундар жана башка жарандар чогулушкан. Адамдардын кыжырданганына карабай, күч түзүмдөрү өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин улантышкан жана анын натыйжасында кагылышуулар болуп кетти. Көптөгөн адамдар жаракат алып, бир адам каза тапты. 

Оор жоготууга учураган Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнө дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мындай жоготуунун ордун эч нерсе толтура албайт. Мен акыйкат салтанат кургандан кийин анын үй-бүлөсүнө жардам берип, колдоо көрсөткөнгө мүмкүнчүлүгүм болот деген үмүттөмүн.

Жабыркагандар  жана жаракат алгандардын тезирек айыгып кетүүсүн чын дилимден  каалайм. Эми алардын көпчүлүгү Кыргыз Республикасынын экс-президентин кыйын мезгилде колдоп келгени үчүн гана адилетсиз куугунтукка туш болушууда. Мунун канчалык оор экенин айтууга сөз таппай турам. 

Мен муну эч качан эсимден чыгарбайм.

Бүгүн өлкөнүн карапайым жарандары бийликтин өкүмзордугу астында таптакыр коргоосуз калганына андан бетер жаным ачып турат. Өзүлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жаап-жашырууга умтулган өлкөдөгү бийлик бутактары жана жогорку кызмат адамдары бардык нерсени чакчелекей кылышууда. Ак үй мыйзамсыз буйрук берген адамдарды жоопкерчиликтен калкалап, тергөө органдары аркылуу «массалык башаламандыкты уюштургандарды» жазалоону көздөп жатканын жана ошол эле убакта нараазычылык тынч адамдарга ок аткандан кийин, Кыргыз Республикасынын экс-президентинин үйүнө куралчан адамдар мыйзамсыз басып киргенден кийин гана башталганын атайын «унутуп жатканын» түшүнө баштаган адамдардын саны күндөн күнгө өсүүдө. Мындайча айтканда, бийлик, арабаны аттын алдына койгондой,  каргашанын кесепеттерин анын себептеринин астына коюуда.  

Коркутуп үркүтүп, ооздорун жабууга аргасыз кылуу максатында оппозициялык депутаттар Асел Кодураңова менен Ирина Карамушкинаны үй камагына алуу туурасында чечим болду. Ойдон чыгарылган шылтоолор менен КСДПнын Төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаеваны, КСДПнын Саясый кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаевди жана КСДПнын башка өкүлдөрүн улам суракка чакырышууда.  Эч кандай реалдуу негизи жок туруп, бир гана моралдык жана физикалык жактан кысым көрсөтүү максатында Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Кыяс Смаилов, Амантур Жамгырчиев, Залкар Бакиров, Фархад Баабиев, Алга Кылычов, Курманбек уулу Ринат, Марат Шаменов, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыбек уулу, Кулалиев Азирет, Нооруз Капар уулу жана башкалар 1-СИЗОго камалышты.  

Колго тийген маалыматтарга караганда,  алардан Ак үй ойлоп тапкан «массалык башаламандыктардын» жана алтургай, «бийликти күч менен басып алуу» божомолун тастыктаган көрсөтмөлөрдү «сыгып алуу» максаттуу түрдө жүрүүдө.

Тынч жарандардын 7 жана 8-августтагы кыжырдануусунун жана нараазычылыгынын себеби бирөө гана: аларга 7-август күнү кечинде жана 8-август күнү куралдуу кол салуу болуп, анын натыйжасында жүздөгөн адамдар катуу сабалып, жаракат алганында болду.

Камалгандардын дарегине айтылып жаткан бул күнөөлөр ойго келбеген сандырактык жана бул адамдардын өзүлөрү шектелип жаткан нерсеге эч кандай тиешеси жок. Тескерисинче, УКМКнын атайын бөлүгүнүн жоокерлерин аман алып калган так ушул адамдар болушкан. Чектен чыгып кеткен бийликтин жүзү каралыгына кыжыры кайнаган адамдарды тынчтандырып, токтотуп тургандар ушулар болгон.   

Урматтуу мекендештер!

Бийликтин бул иш-аракеттери өлкөнүн кызыкчылыгына эч кандай тиешеси жок экени айдан ачык.

Бул иш-аракеттердин баары Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан болуп жатат жана анын бирден бир гана максаты экс-президент Алмазбек Атамбаевди жаманатты кылуу, көзүн тазалай албагандан кийин аны моралдык жактан жок кылуу болуп эсептелет. 

Ошондуктан 7-8 – август күндөрү Кой-Ташта болуп өткөн окуяларга байланыштуу иштер боюнча СИЗОго камалгандардын баарын, эң башкысы, мыйзамдуу түрдө бошотуу адилеттүүлүк болмок. Ким ким, бирок бийлик бул адамдардын эч кандай күнөөсү жок экенин абдан жакшы билет. Эгерде кандайдыр суроолор болсо, аларды мага беришсин. Мага канча абак мөөнөтүн беришпесин, бул бийликтин тушунда мен баарына даярмын. Бирок 7-8 –августтагы окуялардын шылтоосу менен камалгандардын баары бошотулууга тийиш. Алардын болгон күнөөсү – акыйкатка, мыйзамдарга, өлкө Конституциясына ишенгени.        

Кымбаттуу мекендештер!

Мен Президенттик кызматта абийирдүүлүк менен таза иштеп бердим, сиздердин колдооңуздар менен биз Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн, улуттук духту көтөрүү үчүн көп иштерди чогуу жасадык. Катачылыктар да болду, анын баарын мойнума алып, Кыргызстандын элинен кечирим сурадым. Мен өзүмдүн айрым досторума жана жардамчыларыма, күч түзүмдөрүнө абдан эле ишенген экем. Бирок мен Кыргызстандын элинин жыргалчылыгына, өлкө атагы үчүн, адамдар үчүн таза иштедим.       

Бүгүнкү бийлик саясатчыларды коркутуп –үркүтүп, адамдарга калыс жана акыйкат маалыматты жеткирүү жолдорун бууп салды. Мындай кырдаалда көптөр, А. Солженицын айткандай, «калпты жашоо формасы» кылып тандап алышты. Бирок жалаң коркутуу менен саткынчылыкка, жүзү каралык менен жалганга таянган бийликтин түркүгү эч качан бекем болгон эмес. Мен мезгил баарын ордуна коёруна ишенем. Кыргызстандын эркиндикти сүйгөн эли куру намыс менен кежирликтин, принциптердин кайда экенин өзү териштирип алат. Коррупционерлердин жана үй-бүлөлүк кландын кызыкчылыгын ким коргогонун, ал эми Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын ким коргонун түшүнөт. Ким элдин ынтымагын реалдуу бекемдөөгө иштегенин, ким куру сөздөн ары кете албаганын, ак каранын баарын ылгап, териштирип алат.

Баарына мезгил тараза!»