10.12.2018 21:13

Алмазбек Атамбаев: Мени эмес, мамлекеттен уурдап, миллионер болгондорду камаш керек

Алмазбек Атамбаев: Мени эмес, мамлекеттен уурдап, миллионер болгондорду камаш керек

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген мурунку маегинде азыркы байлыгын кантип топтогону тууралуу сөз кылган. Ал гана эмес, алардын биринен —Түркиядагы бир кездери өзүнө таандык болуп, кийин сатып жиберген «Гүлжанлар» ишканасынан жылына канча пайда алып турганын тастыктаган документтерди көрсөткөн. Мына ушул маектен кийин Атамбаевдин мүлкүнө болгон кызыгуу ого бетер күчөп, айрымдар документтин аныктыгынан күмөн санаса, кээси Атамбаевдин байлыгынын ак эмгек менен табылганынан шектенишкен. Мындан улам, экс-президент дагы бир жолу өз мүлкү тууралуу кеп кылды.

«Өткөндө мисал катары «Апрель» телеканалына Түркиядагы «Гүлжанлар» деген ишкананы айтып бербедим беле. Мына жакында, «Азаттыктын»  журналисттери Түркия, Измирге чейин, Эге деңизине чейин барып, ошону барып карап келишти. Мен 2002-жылы эле ошол ишканамдан накталай 1 миллиард 900 миллион сомго жакын киреше алгам. 1989-жылдан баштап, 2005-жылдын сентябрына чейин бизнес менен алектенген адам ошончо жыл иштеп, тапкан акчасына өзүнө үй салса, бул дагы эми күнөө болуп эсептелеби? Мени текшергенден көрө, өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, миллиондогон акчага үй салып, миллиондогон акчаларга тойлорду өткөрүп, миллион турган джиптерди минген адамдарды текшеришпейби? Менимче, ошолорду текшерсе башкача болмок.

Элдин көзүн такыр эле сокур кылгысы бар. Адал, өз эмгегиң менен тапкан акча менен уурдалган акчанын айырмасын жок кылып көргөзгүсү бар. Ошол эле, өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген, анан мультимиллионер болгон Келдибеков, Түлеевдер «Атамбаевди камаш керек» деп кыйкырып атпайбы!.. Кимди камаш керек?!!Мамлекеттен уурдап, миллионер болгондордубу? Мамлекеттен уурдаган акчасын ары-бери чачкандардыбы? Же  өз эмгеги менен акча таап,  өзүнүн ата-бабасынын конушуна үй салгандардыбы? Азыркы бийлик ошол ууруулар, ушакчылар менен төп келишип калыптыр. Колдогону да ошолор болуп жатканы, албетте, таң калдырат», -деди экс-президент.