10.12.2018 21:11

Алмазбек Атамбаев: Менин эң чоң катам президенттик шайлоо болду окшойт

Алмазбек Атамбаев: Менин эң чоң катам президенттик шайлоо болду окшойт

Мен дагы пендемин, мен дагы адашам, бирок, эмне кылсам да, кандай кылсам да, мен элим-жерим деп иштедим, деп билдирди экс-президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде.

Мурунку өлкө башчы президенттик жылдарында өзгөчө кадр жагынан, адам, дос тандоо жагынан жаңылган учурлары болгонун белгиледи.

«Адамдын ичин көрө албайт экенмин. Кыргыздын макалы бар го: «Жыландын аласы-тышында , адамдын аласы – ичинде» деген. Көп ката кылдым, көп адаштым. Бирок бир нерсе айтат элем, мен кандай кылсам да, эмне кылсам да, президент катары элим-жерим деп иштеп аттым. Бирок, менин эң чоң адашканым президенттик шайлоо болду окшойт.  Азыр мага өз айылыман баштап, Баткен, Жалал-Абад, Көл, Таласка чейин бир топ региондордон адамдар келип жатат. Алар эң негизги нааразычылыгы — сага ишенип, президенттикке көрсөткөн адамыңды колдосок, ушундай болуп атат, өзүнө каршы иштеген Байсалов, Тербишалиев сыяктууларды көтөрүп, бизге мындай кордук кылып атат,  деп таарынычтарын, армандарын айтып жатышат. Албетте, мен бул сөздөрдү угуп, абдан кайгырып, өкүнүп жатам. Ошондуктан, элимден бул катачылык үчүн, адашканым үчүн кечирим сурайм. Буюрса, мезгил бардыгын өз ордуна коет», -деди Атамбаев.

Ал ошондой эле, ким эмне дебесин, өзү президент болуп иштеген 6 жылда элдин жашоосу кыйла эле оңолгонун билдирди.

«Ушакчылар, душмандар канчалык кыйкырса дагы, элдин турмушу ушул жылдар арасында кыйла эле оңолду. Шаарларды алсак, ошол эле Бишкектин ичинде машинанын саны 6-7 эсе көбөйүп кетиптир. Ош, Жалал-Абад, Талас болобу, Баткен болобу, Нарын болобу, Ысык-Көл болобу, бардык жерде элдин турмушу жаманбы-жакшыбы оңолуп калды. Элдин жарыгы бар, газы бар, жолдорун жаманбы-жакшыбы оңдоп кеттим. Бир топ жакшылыктар да болду. Менимче, кыргыздын духун да ойготуп кеттим. Көчмөндөр оюнун өткөргөнгө чейин кыргызмын деп мактанган эл азыраак болчу. Азыр биздин жарандар кадимкидей кыргызмын деп, башын бийик көтөрүп калган», -деп кошумчалады экс-президент.