10.12.2018 21:18

Алмазбек Атамбаев: Менин Текебаев тууралуу айтканымды туура эмес түшүнүшүптүр

Алмазбек Атамбаев: Менин Текебаев тууралуу айтканымды туура эмес түшүнүшүптүр

Экс-президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде Текебаев тууралуу мурунку айткандарын айрымдар туура эмес түшүнүп алганын билдирди. Эске салсак, «Ата Мекендин» айрым мүчөлөрү «Атамбаев өз күнөөсүн мойнуна алды, Текебаевди каматканына өкүнүп атыптыр» деп чыгышкан. 

«Алмамбет орусчаны жакшы түшүнбөй ошентип бакылдап атат окшойт. Ал жерде «Мыйзам боюнча жаза туура эле колдонулган» деп ачык эле айтылды. Мүмкүн, эмоцияга алдырып, толкунданып айттымбы. Текебаевдин  миллион алынганы жөнүндө жанында жүргөн Өмүрбек Абдрахманов жана башкалар бакылдап жүрүшпөйбү. Керек болсо, өз ара сүйлөшкөндө деле баары тең  «бул-чын» деп атышат. Менин айтканымдын мааниси башка болчу. Мен  күч органдарына мыйзам боюнча иштегиле  деп айтчумун. Мыйзамды бузуп эле, Текебаевди каматтырбай койсом болмок экен деген бир өкүнүч бар.  Ким билет, мүмкүн, күч орган кызматкерлеринин деле таарынычы бар беле, бирок, мен  тескерисинче, «бул бир чети жаза да болот, экинчиден Өмүрбек Чиркешовичти каарман кыласыңар» деп айткам. Дагы бир жолу айтам, Кудай өзү кечирсин деп, мыйзамды бузуп, каматтырбай эле койсом болмок окшойт. Бирок, мыйзам боюнча чара туура колдонулган. Миллиондун алынганы –чын»,- деп билдирди.