24.07.2019 10:24

Алмазбек Атамбаев Орусияга учуп кетүүгө камынууда

Алмазбек Атамбаев Орусияга учуп кетүүгө камынууда

Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевди Орусияга узатып жатышат. Анын үйүндө 300дөн ашуун тарапташтары жана ММК өкүлдөрү чогулушту. 

Алмазбек Атамбаев Кант аба майданынан учуп кетери белгилүү болду. Эскерте кетсек, буга чейин ал Орусия тараптын чакыруусу менен Москвага эки күнгө барып келерин билдирген. Бирок ким чакырганын жана ким менен жолугарын ачыктаган эмес. 

Үстүбүздөгү жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу чечимин кабыл алып, кийин аны ИИМ кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча үч жолу суракка чакырган. Бирок ал баруудан баш тартып, бул аракеттерди мыйзамсыз экенин белгилеп келет.