10.12.2018 21:10

Алмазбек Атамбаев: Президенттиктен кеткен бир жыл ичинде мени жоготууга көп аракеттер болду

Алмазбек Атамбаев: Президенттиктен кеткен бир жыл ичинде мени жоготууга көп аракеттер болду

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин тынчтык жолу менен бийликти тапшырып кеткенине бир жылдан ашык убакыт өттү. Бул убакыт аралыгында өлкөнүн саясий турмушунда көп нерселер болду. Экс-президенттин айрым жакын тарапташтары бийликтен кеткен президентке артын салып басып кетсе, эң ишенимдүүлөрүнө ар кандай айыптар тагылып, камакка алынды. Мына ушул тактан түшкөн 12 ай кандай өткөнү тууралуу экс-президент «Апрель» телеканалынын кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди.   

Анын айтымында, өтүп кеткен бир жылда аны жоготууга көп аракеттер болду.

«Бул жылы жакын деп санаган адамдар басып кеткен жок, сатып кетти деп айтат элем. Каралоо кампаниясы да өзгөчө болду. Мен мындай каралоону, ушакты Акаев, Бакиев заманында да көргөн эмес элем. Мени жок кылууга, жоготууга да аракеттер болду. Бирок, мен ачык айтсам, мындайларды көргөм. Каралоо, ушак эле көбүрөөк болбосо, калганынын баарын көргөм. Акаевдин убагында да, Бакиевдин убагында да мени жоготобуз, кетиребиз деп бир топ аракет кылышкан.  Бирок, мен дагы деле Кыргызстандамын. Акаев менен Бакиев кайда экенин өзүңөр билесиңер. Кудай бар. Бир жагынан алсак, албетте, өтө оор жыл. Экинчи жагынан алсак, мен Кудайга шүгүр деп атам. Анткени, Кудай мага атайлап, ал-күчүм бар кезде чындыкты көрсөтүп жатат. Менин катачылыктарымды көрсөтүп атат. Кимдин ким экенин көрсөтүп атат. Кыргызда сөз бар «Жамандыкты амандык жеңет» деген. Кандай болсо да, турмуш өз жолу менен кетип атат. Менин айтайын дегеним, мени эч ким коркута албайт, мени эч ким сындыра албайт. Мен Кудайдан гана корком. Кудайга шүгүр, тескерисинче, бул жылы көп жакшылык да болду. Кээ бир дос деген адамдардын ыпластыгын көрсөм, ошол эле убакта бир топ адамдардын, өзгөчө карапайым адамдардын бийиктигин көрүп атам. Кудай үй-бүлөмө да жакшылык берип атат. Мына быйыл дагы бир неберелүү болдум. Кызым Алия кыздуу болду. Кудайга шүгүр. Кудай ар бир нерсени бекеринен кылбайт. Мүмкүн, Кудай мага «ээй, Алмаз, көзүңдү ач, мунун баарын көрүп ал, өзүңдүн каталарыңды өзүң оңдо» деп, ушундай кылып жатабы деген ойлор келип жатат», -деди Атамбаев.