10.12.2018 22:03

Алмазбек Атамбаев: Шайлоодо элдин ынтымагы, биримдиги үчүн түштүктөн бир талапкер алып чыгалы дегем

Алмазбек Атамбаев: Шайлоодо элдин ынтымагы, биримдиги үчүн түштүктөн бир талапкер алып чыгалы дегем

Эки жүздүү адамдарды көп эле көргөм, бирок, кайра эле таң калат экенсиң, деп билдирди Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде. 

—Мен негизи эки жүздүү адамдарды бир топ эле көргөм. Өзгөчө аткаминерлерде бат эле сатып кетмей бар. Мен муну 2000-жылы көргөм, 2004,2005-жылдары көргөм. 2008-2009-жылдары деле көргөм. Бирок, болбой эле кайра эле таң калат экенсиң. Өзгөчө мени таң калтырганы, «Биринчи- Кудай, андан кийин- сиз» деп,  24 жыл жанымда дос болумуш болуп жүргөн  адам мага ушундай душман болуп чыгып келсе, ушундай душманчылык кылып атса...Менимче, бул деле убактылуу нерсе. Анткени, ошол эле адамдар мага «Мен сиз кылган жакшылыкты унутсам, Кудай урсун» деп айтчу. Ошондуктан, Кудайга эле коелук.

-Президенттике талапкерлерди тандоодо Сооронбай Жээнбековго токтолдуңуз эле. Кээ бирлер «Атамбаев «Жээнбеков- жоош, аны башкарып алуу оңой» деп үмүттөнгөн» деп атышат. Ушуга кандай деп жооп берет элеңиз?

—Биздин партия президенттике талапкер кылып кимди алып чыгабыз дегенде,  мен элдин ынтымагы, биримдиги үчүн туштүктөн бир талапкер алып чыгалы деп ойлогом. Түштүктү ойлоп баштаганда, акылыма ушул Сооронбай Жээнбеков менен эле Асылбек Жээнбеков келди. Бир жылдан бери эмнеге адаштым деп ойлонуп атам, анан эстесем, түштүктөгү кадрлар боюнча толугу менен Сооронбай Жээнбековго ишенчүмүн. Эски досум деп ишенчүмүн. Анан жакшылап ойлонсом, бир да түштүктүн кадры боюнча мага жакшы сөз айтпаптыр. Мен да ишенчүмүн да, ошондуктан, түштүктөн бирөөнү тандайбыз дегенде, болгону Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбеков келиптир акылыма. Албетте, бул- менин чоң катам. Бир адамга ишенген, бул-менин күнөөм. Албетте, Президент кезимде, андан мурун деле кадр маселесине жакшылап көңүл бурсам болмок экен. Сатты беле, саткан жок беле, кандай жүрөт деп ойлонсом болмок экен. Мага бир топ маалыматтар эми жетип атат -ошол кездеги маалыматтар. Тилекке каршы, жанымдагы ишенген адамдарым дагы мага бир топ маалыматтарды жеткирчү эмес экен.