20.11.2018 11:21

Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбеков тараптан айтылган айыптоолорго жооп берди

Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбеков тараптан айтылган айыптоолорго жооп берди

Президент Сооронбай Жээнбеков «24.kg» агенттигине берген кеңири маегинде Алмазбек Атамбаев экөөнүн өз ара мамилесине токтоло кеткен. Буга экс-президент кечиктирбестен жооп кайтарып, мурунку үзөңгүлөшүн бир нерсе деп айыптоо тууралуу оюна да келбегенин баса белгилеп, болгону аны ката кетирип алуудан сактоо ниети болгонун билдирди. 

- Сооронбай Жээнбеков баары марттагы КСДП съездинен кийин башталганын билдирди. Анын айтымында, сиз аны коррупцияга, Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкка күнөөлөпсүз. Сиз ошондо президентти чындап эле айыптап чыктыңыз беле? 

- Мен үчүн башкы багыт - демократия жана коррупция менен күрөшүү. Эгер сен коррупция менен күрөшүп жатсаң, анда досторуңдун катарында  Райым-Миллионер болбошу керек. Бул - менин биринчи кеңешим болчу. Дагы иниси Асылбек Жээнбековдун депутат бойдон калышы бир убакта анын президенттик кадыр-баркына көлөкө  түшүрөт дегем. ЖЭБдеги авария боюнча, бул тендердин баары, ЖЭБдеги кышка даярдык иштери өкмөт башчы Жээнбековдун командасы аркылуу жүргөн дедим. Жээнбеков премьер-министр болчу,  энергохолдинг, электр станциялары, ЖЭБ - мунун баары анын кол алдында эле... Мына ушул сөздөр айтылган,  бул -күнөөлөө эмес, эскертүү болчу. Ал ишин мындан ары да ушул жол менен улантпасын, ал жолго түшпөсүн деген чакырык болчу.

- Өзүнүн маегинде Сооронбай Жээнбеков Ош облусунан келген партиянын аксакал өкүлдөрүн съездге киргизбей койгонуңузду айтты. Бул сөзүнө эмне деп жооп берет элеңиз? 

- Билсеңер, съездге съезддин делегаттары гана киргенге укуктуу.  Ал эми Жээнбековдун туугандары белгилүү бир топту даярдап, аларды мурун ОБОН деп коюшчу, съезддин ишин үзгүлтүккө учураталы дешкен. Алар, албетте, киргизилген эмес. Ал эми бардык облустардан делегат катары чакырылгандар  киришкен. 

- Президент Жээнбековдун айтымында, марттын аягындагы съездде анын дарегине айткан сөзүңүз ал үчүн күтүүсүз болуптур. Интервьюда билдиргендей, андан эки күн мурун жолугуп, узакка баарлашыптырсыздар. Сиз бул сөздөрүңүздү ошол күнү ага кантип айткан жоксуз?  

- Билсеңер, мен анын шайлоо өнөктүгүнүн чыныгы башкы демөөрчүсү ким экенин билер замат көп ирет сүйлөштүм. Ноябрдын аягынан тартып, акыркы ирет 29-мартта бул темада сүйлөштүк. Албетте, 29-мартта мен ага эскерттим: сенин бул канчалык олуттуу экенин түшүнбөй жатканыңды мен түшүндүм.  Мен сөзсүз съездде - сенин иниң парламентте калбашы керек экенин, Райым-миллион сыяктуулар менен достошпош керек экенин, ага өзүңдү милдеттүү сезбеш керек экенин, ЖЭБ боюнча күнөөнү Сапар Исаковго оодарып койгонуң туура эмес экенин айтам дегем. Ал мунун баарын сопсонун билген. 

- Сооронбай Жээнбеков өзүнүн интервьюсунда «Көч уланат» деген өзүнүн шайлоо алдындагы ураанын жокко чыгарды. Акыркы маегинде «Башчылар, президенттер келет-кетет, ал эми эл жана анын көп кылымдык тарыхы бар көчү кала берет. Мен дал ошол көчтү улантып жатам жана улантам», - деди. Башкача айтканда, бул көч Атамбаев менен эч кандай байланышпай турганын билдирди. Болбосо, шайлоо алдында ачык эле Жээнбеков Атамбаевдин жолун улайт деп айтылып жатты эле. Буга эмне дейсиз? 

- Менимче, ал шайлоо алдында жөн гана элдерди алдаган окшойт. Бүгүн ал Бакиевдин жолу менен баратат, мен муну ага ачык эле айткам. Андан да, 29-мартта: «Мен сени карап, келечектеги Бакиевди көрүп жатам» дегем. Айткандай эле, бүгүн ал менин жолум менен эмес, Бакиевдин жолу менен баратат. Биз үй бүлөлүк башкаруу кандай орноп жатканын, бир туугандарды, кудаларды, күйөө балдарды көрүп жатабыз. Биз мындайды буга чейин баштан өткөргөнбүз. 

- Жээнбеков «Үчүнчү жактар аркылуу менин ишимди көзөмөлдөө аракети ага адам катары, экс-президент, партиялаш катары кадыр-барк алып келбейт» деген. Кандай аракеттер тууралуу сөз болуп жатат?

- Үчүнчү жактардан бирөө башкарып жатса, анда бир туугандары аны башкарып жаткандыр. Менин буга эч кандай катышым жок. 

- Жээнбековдун маегинде партиянын ишиндеги жасаган эмгеги бааланбаганы боюнча кайсы бир деңгээде таарынычы бар экенин билдирди.  Өзүнүн айтымында, ал Июнь окуясында өмүрүн да, карьерасын да тобокелге салган. «КСДПнын Оштогу рейтинги нөл болуп турганда биз түйүндөрдү ачып партиянын аброю кыска убакытта жогорулады» дейт Жээнбеков. Чындап эле анын эмгеги бааланбай калдыбы?

- Бизде Жээнбековго чейин эле кадыр-баркы жогору, белгилүү адамдар бар болчу. Жээнбековдун рейтинги жыл башында 3% болгон. Анан ал кантип бизге рейтинг кошо алат эле? шайлоо болоор жылы анын 3% рейтингге ээ болчу. 2017-жылы. Ал эми, 2010-жылы Жээнбеков ошол эле Мелис Мырзакматовдун жанында үн чыгарбай бирөөнүн аркасына жашынып күн көргөн бозоргон көлөкө болчу. Июнь коогалаңында өмүрүн тобокелге салганы тууралуу билбейт экем. Мага Жээнбеков тууралуу кыргыз тарап да, өзбек тарап да бир да жолу  унчуккан жок, анын бары-жогу билинбеди. Эч ким анын тобокелге барганы тууралуу айткан жок. Кыргыз саясатчыларын алсак, Келдибеков, Ташиев, Мырзакматов тууралуу айтышты, жаман сөздөрдү да айтышты, жашырбай эле коеюн. Бирок, Жээнбеков тууралуу эч ким, эч нерсе айткан жок. 

Кээде ойлонуп кетем: эмнеге ушунча жыл аны жөлөп-таяп келдим, ал эмне кылып койду эле деп? 

- «Партиябыз үчүн оор күндөрдө, өзгөчө түштүктөгү окуялар болгондо анын (Атамбаевдин)  жанында жүргөм. Баары качып кетишкенде да, менин өмүрүм, үй бүлөм үчүн коркунуч жаралганда да жанында болгом» деп айтыптыр. Ал чын эле жаман күндөрдө жаныңызда болду беле?

- Мен аны менен 1995-жылдан бери тааныш, дос боуп жүрдүк. Маегинде айтканы бар: 2000-жылы Атамбаевдин арты менен парламентте вице-спикер болгом, болбосо, менин мандатымды алып коюшмак деп. 

Ошол эле,  2000-жылы мен Акаевге каршы президенттик шайлоого бардым, Сооронбай Жээнбеков болсо, менден дароо кол үздү. Туугандары, ага-инилери каршы экенин жүйөө келтирип, качып кетти. Мен ошондо  Исхак Масалиевден түштүктөгү штабымды жетектеп берүүнү сурандым. Ошондо ыраматылык Апсамат Масалиев мага: «Алмаз, сенин партиядагы, фракциядагы орун басарың Сооронбай Жээнбеков бар эмеспи. Ал эмне качты?» деди. Ошондо мен Жээнбеков үчүн уялдым. 

2005-жылы да ушундай болду, биз анда Акаевди кулатканы жөнөгөнбүз, силер 2008-жылкы окуяны да жакшы билсеңер керек, анда Асылбек Жээнбеков Бакиевдердин өтүнүчү менен Конституциялык сотко арыз жазган...

Менин булардын баарын кечиргеним башка иш. Кийин Владимир Владимирович Путин деле айтты эле: «Бир жолу чыккынчылык кылган адам, кийин да сатып кетет» деп. Мен Жээнбековду да, Мурмукуловду да кечирип келдим. Көрсө, бул сапаттын да жаман жагы бар экен. Путиндин айтканы чын чыкты. 

- Сооронбай Жээнбеков сиз тууралуу «ал досум, партиялашым дегенди жакшы көрөт. Бирок достор, партиялаштар андай иштерге барбайт» деп билдирген. Бул боюнча эмне айтат элеңиз?

- Мен фактыларды гана келтирейин. Жээнбеков экөөбүз 24 жыл дос болдук. Мен колхоздун төрагасы Жээнбековдун депутат болгонун эстейм. Ал өзү деле айтыптыр го, 2000-жылы менин артым меен вице-спикер болгонун. 2007-жылы менин өкмөтүмдө премьер-министр болду. Анын суранычы менен иниси Асылбекти партиялык тизмеге кошуп, депутаттыкка жеткирдим. Ал 3 жолу депутат, 2 жолу спикер болду. Жээнбековду президенттикке сүйрөдүм. Улуу агасын 2 ирет элчи кылып дайындадым. Мен минтип айтаар элем, кээ бир адамдар бар, алар 10, 20-25 жыл бою бирөөнүн артына жашынып, ага корголоп күн көрөт, ошол кишинин арты менен бир нерсеге жетишет, анан убакыт өтүп, ал адамды ашыкча көрүп баштайт да, кутулгуча шашат. Күтпөгөн жерден арттан бычак саят. 

Менин оюмча, достук деген эмне экени тууралуу Жээнбеков сүйлөбөй эле койгону оң. Бул Жээнбеков билген тема эмес...