26.02.2019 12:42

Алмазбек Атамбаев жана «Апрель» телеканалына каршы соттук отурумда сот тарабынан процессуалдык бузуулар болду

Алмазбек Атамбаев жана «Апрель» телеканалына каршы соттук отурумда сот тарабынан процессуалдык бузуулар болду

Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана «Апрель» телеканалына каршы соттук отурумда сот тарабынан процессуалдык бузуулар болду. Бул туурасында экс-президенттин жактоочусу Кантемир Турдалиев билдирди. 

Анын айтымында, ал эки өтүнүч келтирди, алардын бири боюнча сот бузуулар менен чечим чыгарды. 

«Эмне үчүн бир өтүнүч боюнча чечим отурумдун жүрүшүндө, экинчиси боюнча кеңешүүчү бөлмөдө чыгарылды? Бул процессуалдык бузуу», - деп билдирди жактоочу. 

Андан тышкары, Турдалиев расмий органдардан доогер Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров жана Ахматбек Келдибековдордун мүлкү тууралуу маалымат суроо өтүнүчү тууралуу пикирин билдирди. 

«Доогерлер калыс иликтөө жүргүзүүнү каалашкан жок. Бул жерде сөз арыздануучулардын Атамбаев өз маегинде кеп кылган мүлкү тууралуу болуп жатат. Мамлекеттик каттоо  кызматынан үйлөрдү качан кайдан сатып алганы тууралуу маалымат алса болот эле да. Мен алар эмнеден коркуп жатышканын билбейм. Келдибеков башында макул өңдөнүп жатты эле. Эми башкача сүйлөп калышты», - деди ал.