01.07.2019 19:06

Алмазбек Атамбаев: Жаңы лидерлердин өзүн көрсөтүүсүнө жардам берүүнү өз милдетим катары көрөм

Алмазбек Атамбаев: Жаңы лидерлердин өзүн көрсөтүүсүнө жардам берүүнү өз милдетим катары көрөм

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев элге кайрылуу жасады. Анын текстин толугу менен келтиребиз: 

«Мени кайра кайсы бир жогорку кызматка келүүнү каалап жатат деген сөздөр тарап жатат. Ал - кезектеги миф. Мага кызматтын эч кереги жок. Мен президент болдум. Дагы кандай кызматты каалап жатыптырмын? 

Бүгүн Кыргызстан экономикада жана мамлекеттик башкарууда таптакыр жаңы мамилеге муктаж. Бул ишти башка лидерлер кылсын. Карасаңар, Жээнбеков бирдеме кылып жаткан түр көрсөтөйүн дейт, колунан эч нерсе келбейт. Бүгүнкү күндө мамлекетти көтөрүү үчүн башкача ой-жүгүртүү керек. 

Жеке өзүмдү алсам, өлкөдө туруктуулукту бекемдеп, мамлекетти туруктуу өнүгүүнүн жолуна чыгарууга өтө көп күч жумшадым. Биздин муундагы саясатчылардын көпчүлүгү деле алдан тайыды. Ким-бирөө мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн иштеди. Башка бири бутун тосуп, өлкөнү өнүктүрүүгө жолтоо болду. Ким-бирөө азыр деле мамлекетти артка тартып жатат. 

Мен жаңы лидерлердин өзүн көрсөтүүсүнө жардам берүүнү өзүмдүн милдетим катары көрөм. Саясатта буркан-шаркан процесстер жүрүп жатат. Анан шайлоо өтөт. Жаңы адамдар, жаштар көбүрөөк келсин дейли. Өзгөчө намысын жана абийирин баарынан жогору койгон  - өз ою, духу бар, сыноодон өткөн жаштар келсин. Бирок аларда билимге болгон кызыгуусун жана мамлекеттик мамилени өөрчүтүү өтө маанилүү».