18.05.2018 16:49

Алмазбек Атамбаев журналисттерге жана укук коргоочу Чынара Жакуповага болгон доо арызынын материалдык бөлүгүн кечти

Алмазбек Атамбаев журналисттерге жана укук коргоочу Чынара Жакуповага болгон доо арызынын материалдык бөлүгүн кечти

“Кыргызстандын расмий катталган маалымат ресурстарындагы жана медиакоомчулугундагы  акыркы жылдардагы жакшы жакка өзгөрүүлөр  менин  кабарчылар Нарын Айып менен  Дина Масловага жана укук коргоочу Чынара Жакуповага болгон доомдун  материалдык бөлүгүн кайра чакыртып алууга мүмкүндүк берет”, -деп жазылган Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин “Медиа Полиси институтунун"  башчысы Бегайым Үсөнова менен “Интерньюстун” Кыргызстандагы  өкүлчүлүгүнүн директору  Элина Каракулованын кайрылуусуна берген жообунда.

Буга  чейин "Медиа Полиси  институту" менен “Интерньюстун” Кыргызстандагы  өкүлчүлүгү экс-президентке ЖМКга чыккан макалалардын авторлоруна салынган миллиондогон айып пул тууралуу коомчулукта жүрүп жаткан  талкуулар туурасында кайрылуу жөнөтүшкөн.

Анда медиасерепчилер кабарчыларды кандайдыр бир куугунтукка алууга жана сөз эркиндигин чектөөнүн бардык тобокелдиктерине ар дайым каршы экендиктерин билдиришкен.

Алардын ою боюнча, авторлор  кетирген каталарга  сот тарабынан  акыйкатсыз жана ченемден ашык  чара көрүлүп калган.  Бирок,  аталган доо боюнча талаштуу суроолорду чечүү маалында медиакоомчулук менен мамлекет бир топ жагымдуу жыйынтыктарга жетишти.

Медиа Полиси институту Zanoza.kg жана башка көптөгөн ЖМКлар менен каталарды олуттуу талкуулап, абалды жакшыртуу максатында бир катар иш-чараларды уюштурган.   

“Медиакоомчулукта журналисттик этиканы сактоо нормалары боюнча  көптөгөн сүйлөшүүлөр, тренингдер жана тегерек столдор өттү. Мунун баары жарыяланып жаткан материалдардын жана түзөтүүлөрдүн сапатын жакшыртып, “фейк” жаңылыктар көйгөйүнө көңүл бурууга мүмкүнчүлүк берди”, -деп жазылат кайрылуусунда.  

Медиасерепчилер ошондой эле, укук коргоочу Чынара Жакуповага карата доо арыз боюнча да сөз козгошту.

Айтымдарында: «…укук коргоочу кабарчыларды коргоюн деген гана ойдо тегерек столдо сүйлөгөн, бирок ЖМКларда анын сөздөрү бурмаланып берилип калган …».

Серепчилердин баамында,  ЖМК өкүлдөрү саясатчылардын  жана коомдук ишмерлердин билдирүүлөрүнүн  жана өздөрү жарыялап жаткан маалыматтардын чын-бышыгын текшерип калышты.   

Бирок, медиаэксперттер ЖМКларды миллиондогон акчага доого жыгуу жана маалымат каражаттарын мындай жол менен жазалоо терс көрүнүштү алып жүрөт деп эсептешет.

“Бул сөз эркиндигин кысмакка алууну же, жөн жерден акча табууну көздөгөн  адамдар үчүн жол ачып бериши мүмкүн”, -деп жазылат кайрылууда.   

Кайрылууга жооп кылып, Кыргызстандын экс-президенти А.Атамбаев  анда басылмалардан акча өндүрүү максаты эч качан болбогонун баса белгиледи.  Болгону, коомчулукту  жалган жалаалардан коргоо механизмин түзүү зарылдыгы келип чыккан.  

Ошол эле убакта,  Алмазбек Шаршенович  бул доо “муздак душтун” кызматын аткарып, ЖМКлардын ишинде оң жакка өзгөрүүлөр байкалганына макул болду.

Экс-президент  өткөн жылдар арасында прокуратура органдары менен медиакоомчулугу аткарган иштер коом үчүн абдан маанилүү жана зарыл деп эсептейт.  Доо арыздын  сотто каралышы жана коомчулуктун буга назар салышы, ошондой эле кабарчылардын өзүнүн “фейк” жана  чагым  темасына көңүл бурушу менен Кыргызстандын  маалымат айдыңындагы абал жакшы жакка өзгөрдү.  

«Муну мен өзүм дагы көрүп жатам жана санаалаштарым да айтып жатышат. Бул тууралуу сиздер да кайрылууда белгилепсиздер, - деп жазылат Атамбаевдин медиасерепчилерге берген жообунда,  -ошондуктан,  Кыргызстандын расмий катталган маалымат ресурстарындагы жана медиакоомчулугундагы  акыркы жылдардагы жагымдуу өзгөрүүлөр  менин  кабарчылар Нарын Айып менен  Дина Масловага жана укук коргоочу Чынара Жакуповага болгон доомдун  материалдык бөлүгүн кайра чакыртып алууга мүмкүндүк берет».

Экс-президент доолордун   шайкештиги боюнча сунушту  мыйзам чыгаруучу деңгээлде чечүүнүн маанилүүлүгүн  белгиледи. Бир тарабынан, “фейк” жаңылыктар жана  ушактар менен натыйжалуу күрөшүүнүн зарылдыгы менен экинчи тараптан медиа-рыноктун  чыныгы мүмкүнчүлүгүнө таянуу зарылдыгынын ортосунда жөндүү баланс табуу керек.   «Биз бул маселени талкуулаганбыз жана депутаттар бул балансты табат деп ишенем», - деп билдирди  А.Атамбаев.