10.12.2018 21:27

Алмазбек Атамбаев үйүнүн алдындагы гранит тууралуу

Алмазбек Атамбаев үйүнүн алдындагы гранит тууралуу

Жакында декабрь-январь айларында Бишкекте абдан чоң мечит ачам, деп билдирди Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде.

Анын айтымында, бул ага карата «Ала-Тоо аянтындагы кызыл гранит таштарды уурдап келип, Кой-Таштын алдына жыйып алыптыр» деген жалаа сөздөргө жооп болот.

«Үйдүн алдындагы гранитке окшогон граниттен ал жакка да кестиргем. Мечиттин алды бүт гранит, албетте, кыйла көп гранит кеткен. Ошондуктан, Атамбаев аянттагы кызыл гранитти үйүнө алып барып алды деген ыплас нерселерди саясатчылар таратканы турган иш. Бирок, айрым адамдар ишенип жатканына кайгырасың. Мейли эми, «Калптын буту- кыска»дегендей, көздөрү ачылат болуш керек», -деди Атамбаев.