10.12.2018 23:39

Алмазбек Атамбаев: Өмүрбек Бабановдун иши жабылыш керек

Алмазбек Атамбаев: Өмүрбек Бабановдун иши жабылыш керек

Өмүрбек Бабановдун иши жабылыш керек. Бул туурасында Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде билдирди. 

— Президенттик шайлоодо экинчи орунду Өмүрбек Бабанов алды эле, азбы-көппү 500 миңден ашык добуш топтогонго жетишти. Бирок шайлоодон кийин ага иш козголду. Ал Орусияга качканга мажбур болду. Буга кандай карайсыз?
—Өмүрбек Бабановдун Он-Адырда айтылган сөзү бир топ кыргыздардын ачуусун келтирди, ачык айтканда. Бирок, эгерде эмоциясы жок карасак, биринчи экспертиза менен эки улутту бөлүүгө чакырык жасоо деп козголгон. Бирок андан кийинки экспертизаларда эксперттер "андай болгон эмес, бул чындыгында эмоция менен айтылган сөз" деп чыгышкан. Бабанов муну иши менен көрсөттү. Эки элди кайраштырып, Кыргызстанда ынтымакка доо кетирүү максаты болсо, шайлоодон кийин тополоңду баштаса болмок да. Ал Кыргызстандын ынтымагы ал үчүн ыйык нерсе экенин иш жүзүндө көрсөттү. Керек болсо ынтымак үчүн саясаттан да кетем деп, депутаттык мандатын да өткөрүп берди.

Анан ага дагы бир иш козголгон. Канат Исаев боюнча акча алган, акча тараткан, тополоң уюштурабыз деген аракети болгон деп иш козголуп, ал жерде Бабановдун да изи бар дегенсип айтылган. Бирок ал Канат Исаевдин ишинде Бабановдун эч кандай изи чыккан жок. Мүмкүн Канат Исаев өзү ээн баштык кылганбы.

Азыр Канат Исаев парламентте жүрөт. Азыркы бийликтин ага азыр дооматы деле жок окшойт. Мен мунун баарын декабрда эле көргөм. Ошондо жаңы президент Сооронбай Жээнбековго "Бабанов момундай кадамдарга барып атат, депутаттыктан кетти. Экспертизалар бар. Бул ишти жабыш керек" деп айткам. Анан ал киши да макул болгон. Керек болсо Президент болбосом дагы бир эки ай өткөндөн кийин февралда ошол кездеги башкы прокурорду, УКМКнын төрагасы Сегизбаевге жолугуп, "ушундай сөз болбоду беле Бабановдун иши жабылыш керек эле го, эмне болуп атат" деп сурагам. Бирок буйруктарды башка президент берип калган да. Мартта Руслан Казакбаев да келген. Анан анын көзүнчө Абдиль Сегизбаевге телефон чалып, Бабановдун тиешеси жок экен иш жабылышы керек эле да деп айттым. Ал киши байке кичине созулуп атат деди. Анан мен жок дегенде Русланды кабыл алуусун сурандым. Чындыгында Бабановдун иштери жабылыш керек. Чынында Бабановго рахмат айтыш керек. Бир жылда бир нерсе кылдыбы, айттыбы? Ынтымакты, тынчтыкты бузуш үчүн бир аракет кылдыбы? Менин сөзүмө, Сооронбай Жээнбековдун сөзүнө ишенип, алданып калды, ачыгын айтканда. Ошондуктан мен дагы өзүмдү ыңгайсыз сезип атам