10.12.2018 22:10

Алмазбек Атамбаев:Дача-Суда кулаган учакта Атамбаевдин өзүнө, же үй-бүлөсүнө таандык бир грамм жүк болсо, эбак чукуп чыгышмак

Алмазбек Атамбаев:Дача-Суда кулаган учакта Атамбаевдин өзүнө, же үй-бүлөсүнө таандык бир грамм жүк болсо, эбак чукуп чыгышмак

Дача-Суда кулаган учакта Атамбаевдин өзүнө, же үй-бүлөсүнө таандык бир грамм жүк болсо, эбак чукуп чыгышмак. Бул туурасында экс-президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде билдирди.

— Үч жыл мурун Дача Суда учак кулады эле, адамдардын өмүрү кыйылды. Анан ошол учактын ичиндеги жүк Атамбаевге таандык болчу. Ага таандык болбосо, жубайы Раиса Атамбаевга таандык болчу деп сизди кунөөлөп келишет. Ошол чынбы?

—Бул ушак - биздин үй-бүлө үчүн оор болду. Учакта Раиса Атамбаеванын бриллианты, жүгү болгон деп айтып чыгышкан. Мен ушактарга көнгөм, жеңең мындайларга көнө элек болчу. Ошол ушак дүңгүрөп аткан кезинде, бир депутатыбыз, ачыгын айтканда Текебаев ушакты таратып, операция «Гремучая змея» деп урдуруп  атканда, Рая кадимкидей катуу ооруп калган. Алты ай капельницада уктаган. Жаныңда жаткан өмурлүк жарың капельницада жатса кыйын экен.

Бул ушак болгондо да, эң жаман ушактардын бири. Анткени ошол учакта Атамбаевдин же үй бүлөсүнүн бир грамм жүгү болсо ушул убакка чейин чыкмак. Учак түрктүкү болчу. Түркия- НАТОнун мүчөсү. Ал кезекте түрктөр мага таарынып аткан кези болчу.

Бир жылдан бери деле, мына азыркы бийлик, ошол эле Жээнбековдор менин үстүмөн бир нерсе таппай атат. Бир нерсе болсо чукуп чыкмак.  Бирок таң каласың, ошол ушак тараткандар эч кимиси уялып да койгон жок.  Азыркыга чейин өзүнчө каарман болуп журүшөт. Ушак деген негизи уят нерсе. Бизде, мусулмандарда хадистерде «Ушак таратуу - өзүңдүн бир тууганыңдын өлгөн денесин жегенге барабар» деп айтылган. Ушундайга баргандар башка ушактарды таратып, дагы эле жүрүшөт. Таң каласың. Эмне дейсиң, буларды деле айла жок Кудайга эле коюп атабыз.