27.06.2019 13:35

Алмазбек Атамбаевди «экс-президент» макамынан ажыраткан депутаттардын тизмеси

Алмазбек Атамбаевди «экс-президент» макамынан ажыраткан депутаттардын тизмеси

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди «экс-президент» макамынан ажыратты. Добуш берүү ачык өтүп, ага бардыгы 110 депутат катышты.

Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу сунушун 103 депутат колдоп, 6 эл өкүлү каршы чыкты, бирөө добуш берүүдөн карманды.  

Жыйынга катышпаган депутаттар: Осмонбек Артыкбаев, Данияр Аттокуров, Дастан Бекешев, Зарылбек Рысалиев, Кенжебек Бокоев, Мухтар Айнакулов, Руслан Казакбаев, Рыскелды Момбеков жана Чыныбай Турсунбеков. 

Каршы добуш бергендер: Анвар Артыков, Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Мурадил Мадеминов, Карамат Орозова, Альфия Самигуллина.

Насирдин Мусаев- добуш берүүдөн карманды.