27.06.2019 13:33

Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу добушка коюлду

Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу добушка коюлду

Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алууга 103 депутат «макул», 6-«каршы»  добуш берди. Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди макамынан ажыратуу маселесин карады.

Добуш берүү ачык өттү. Бүгүн парламенттин отурумга башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов келип, Атамбаевге коюлуп жаткан айыптар боюнча Көзөмөл органы чыгарган корутунду менен тааныштырган. Анын негизинде тагылып жаткан 6 айыптын бешөөндө кылмыштын курамы бар деп табылганы, депутаттар экс-президент макамынан ажыратып берсе, Алмазбек Атамбаев суракка чакырылары айтылган.