03.12.2018 13:19

Алмазбек Атамбаевди каралоо кампаниясы күчөп жатат

Алмазбек Атамбаевди каралоо кампаниясы күчөп жатат

Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга алгачкы кадам ташталды деген билдирүүлөрдү таратуулар болуп жатат. Буга себеп Жогорку Кеңештин тармактык комитети президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жактыруусу болду. Бул жаңы мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш палатадан жактырып, ага Президент кол коюшу керек.

Бирок ал кабыл алынып, күчүнө кирсе, ал өткөн учурга карата иштебейт деп юристтер жада калса Конституциялык палатанын төрагасы да билдирди. Саясий окуяларга баам салгандар Алмазбек Атамбаевге катуу прессинг башталганын айтышууда. Анткени бир беткей шыбап, кезинде президент болуп турганда Атамбаевге таарынгандар курултай өткөрүп, экс-президентти мококчо кылып көрсөтүп жатышат.

Кезинде мышыгын мыш дей албагандар, ошондо эле айткам деп кыйын болгондо кантесиң.