30.05.2019 11:32

Алмазбек Атамбаевдин иш бөлмөсүн тыңшоо аракети боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Алмазбек Атамбаевдин иш бөлмөсүн тыңшоо аракети боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин иш бөлмөсүнө тыңшоочу аппарат коюу аракети боюнча билдирүүлөр Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.   

Аскер прокуратурасы 24-майда маалыматты бирдиктүү реестрге «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу», «Кат алышуулардын купуялуулугун бузуу» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча каттаган. 

Көзөмөл органдан билдиришкендей, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринин жобосунун талаптарына ылайык, сотко чейинки өндүрүштү баштоого кылмыш же жорук жасалганы, же жасоого даярдык жүрүп жатканы тууралуу түшкөн арыз негиз болуп бере алат. 

«Болгон иштин чыныгы жагдайларын аныктоо үчүн сотко чейинки өндүрүш башталды. Алмазбек Атамбаевдин расмий арызы Башкы прокуратурага 27-майда түшкөн. Кайрылууну бул факт боюнча ага чейин эле башталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарына тиркедик. Анын жүйөөлөрү кылдаттык менен текшерилип чыгат. Териштирүү иштеринин жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан. 

Эскерте кетсек, КСДП экс-президент Алмазбек Атамбаев менен партия мүчөсү Фарид Ниязовдун иш бөлмөлөрүн тыңшоо аракеттери болгону тууралуу арыз менен Башкы прокуратурага кайрылган. Анда УКМК кызматкери акысына 500 доллар убада кылуу менен «Форум» кызматкерин экс-президент менен анын кеңешчисинин иш бөлмөсүнө тыңшоочу жабдуу орнотууга мажбурлаганы айтылат.