20.11.2018 11:59

Алмазбек Атамбаевдин киреше булактарын тастыктаган документтер

Алмазбек Атамбаевдин киреше булактарын тастыктаган документтер

Алмазбек Атамбаев азыркы байлыгын 1989-жылдан тартып 2000-жылдарга чейин, кандайдыр бир мамлекеттик кызмат ээлей электе тапкан. Бул тууралуу КР мурунку президенти Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына билдирди.

Экс-президент сөзүнө далил катары журналисттерге киреше булактарын тастыктаган документтерди берди. Кагаздар нотариалдык жактан тастыкталган. Анда экс-президенттин Түркиядагы бизнеси тууралуу айтылат.

Мисал катары Алмазбек Атамбаев өзүнүн маегинде Измир шаарынын эркин экономикалык аймагында жайгашкан «Гүлжанлар» ишканасынын акцияларынын 90 пайызына 3 жыл ээлик кылып, андан дивиденд алып турганын билдирди. 

Атамбаевдин колундагы документтерге ылайык, 2002-жылдын 2-февралында, Түркиялык ишканадан түшкөн киреше 8 миллион 176 миң 606 доллар 81 центти түзгөн. 2002-жылдын 6-мартында - 3 миллион 826 миң 118 доллар. 2002 – жылдын 6-июлунда - 5 миллион 350 миң 362 доллар 66 цент. Жалпысынан бир жылда – 26 миллион доллардан ашыгыраак каражат. Бүгүнкү күн менен эсептегенде 1 млрд. 900 сом.