27.06.2019 17:24

Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө «Манас» айтылып жатат

Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы  үйүндө «Манас» айтылып жатат

Кой-Таштагы мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө абал тынч. Чагымчылдык же араздашуу көрүнүштөрү жок.

Эскерте кетсек, мурдараак бир катар ЖМКлар Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары журналистке кол салды деп жазып чыгышкан. «Элдик штабдын» Катчылыгынын маалыматына караганда, ЖМК өкүлү тартип бузуп, чарбалык аймакты аралап кеткендиктен, аны чыгарууга туура келген.

Учурда пресс-борбордо Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары чыгып сүйлөп жатат. Арасынан «Манас» айткандар да болууда. КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Рита Борбукееванын айтымында, атам замандан бери кыргыз эли оор күндөрдө «Манас» угушкан.

«Алмазбек Шаршеновичтин үйүндө үч күндөн бери эпос айтылып жатат. «Элдин башына мүшкүл түшкөндө Манас угушчу экен», деп аксакалдар чакырыптыр. Анткени Кой- Ташта эми эл көпкө чейин болот окшойт... Туура, кыргыздын мыктыларын четинен камап, жоготууну көздөп атышса, бул мүшкүл эмей эмине», -дейт Борбукеева.