19.08.2019 12:43

Алмазбек Атамбаевдин мыйзамсыз кармалышы боюнча доо арызды кароо жылдырылды

  Алмазбек Атамбаевдин иши (32 материалов)
Алмазбек Атамбаевдин мыйзамсыз кармалышы боюнча доо арызды кароо жылдырылды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мыйзамсыз кармалышы боюнча доо арызды кароо 20-августка жылдырылды. Бул туурасында КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. 

Анын айтымында, бүгүнкүгө белгиленген соттук процесстин жылдырылышына тергөө тобунун башчысы Эркебек Аширходжаевдин бошобой калганы себеп болгон. Отурум эртең, 20-августта Биринчи Май райсотунда саат 17:00дө өтөт.  

Эскерте кетсек, 7-8-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо максатында Кой-Таштагы үйүнө УКМК кызматкерлери чабуул жасашкан. Ошол убакта Атамбаевдин үйүндө жүргөн тынч жарандар менен куралчан спецназдар ортосунда кагылышуу орун алып, бир спецназ жоокери каза таап, жүздөн ашык жай жаран жабыркаган. 8-август күнү кечке маал Алмазбек Атамбаев тополоңду токтотуу максатында багынып берген.  Учурда экс-президент УКМКнын Тергөө абагында 26-августка чейин камакта.