20.08.2019 19:21

Алмазбек Атамбаевдин мыйзамсыз кармалышы боюнча соттук отурум. Экс-президентти процесске алып келишкен жок

  Алмазбек Атамбаевдин иши (32 материалов)
Алмазбек Атамбаевдин мыйзамсыз кармалышы боюнча соттук отурум. Экс-президентти процесске алып келишкен жок

Бүгүн, 20-августта саат 17:00дө Биринчи Май райсотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мыйзамсыз кармалышы боюнча соттук отурум башталды.

Анын жүрүшүндө судья Абдуразак Боромбаев тараптардан ЖМКлардын сүрөткө жана видеого тартуусуна уруксат берүү боюнча ойлорун сурады. Айыптоочу тарап отурумда тергөөнүн айрым купуя учурлары тууралуу кеп болушу мүмкүндүгүн айтып, тасмага тартууга уруксаат бербөөнү суранды.

Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары прокурордун оюна каршылыгын билдирди.

«Учурда биз процессуалдык иш-аракетти жана документтерди карап жатабыз. Эч кандай жашыруун нерсе жок. Кошумчалай кетүүчү жагдай, процесс азыр ачык түрдө жүрүп жатат, бул жерде жөнөкөй жарандар да отурушат. Тасмага тартууга тыюу салуунун эч кандай кажети жок», - деди жактоочу.

Судья Абдуразак Боромбаев жактоочулардын өтүнүчүн четке кагып, процессти сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салды. 

Ошондой эле, экс-президенттин жактоочусу сотко Алмазбек Атамбаевдин өзүн катыштырууну өтүндү.  

«Ал өзү отурумга катышкысы келет. Бирок күзөт алып келбептир», - деди ал. Буга судья Кылмыш кодекси боюнча Атамбаевди катыштырбай туруп, процессти өткөрө берсе болоорун билдирди. 

Жактоочулар экс-президентти УКМКга алып келүү Кыргыз Республикасынын бардык мыйзамдарын бузуу менен жасалганын белгилешти. 

«Спецназ экс-президенттин менчиги болуп саналган үйгө кирип келди. Кармап кетүүнүн өзү мыйзамсыз мүнөздө жүрдү. Ал күбө макамын алып жүргөн. Ошондуктан, аны кармап кетпеш керек болчу. Алгач Атамбаевге күбөнү мажбурлап алып келүү тууралуу токтом көрсөтүлүшү керек эле», - деген жактоочулар  соттон күч тузүмдөрүнүн Атамбаевди кармап кетүү ишин мыйзамсыз деп табууну өтүнүштү. 

Ошондой эле, жактоочу тарап экс-президентти 8-августта мажбурлоо жолу менен УКМКга алып келгенин билдиришти. Бул иш түн ичинде жүргүзүлгөн жана мыйзамга каршы келет. 

Учурда судья кеңешүүчү бөлмөдө.