Алмазбек Атамбаевдин небереси Бишкекте өткөн шахмат боюнча чемпионатта коло медаль алды
Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин небереси Селим Бишкекте өткөн шахмат боюнча чемпионатта 3-орун алды. Бул туурасында April.kg порталына Селим Атамбаевдин машыктыруучусу Илимбек Эсенбек уулу билдирди.
Маалыматка караганда, мелдеш 1-9-ноябрда Бишкектеги №28 мектепте өткөн. Ага 6 жаштан 18 жашка чейинки 400 бала катышкан.
«Селим Атамбаев 12 жаштагы балдар арасында күч сынашып, 3-орунга татыктуу болду. Мелдештин жыйынтыгы менен мурунку президенттин небереси Кыргызстандын балдар арасындагы чемпионатына катышууга жолдомо алды. Ал чемпионат келаткан жылы 3-январда өтөт. Буюрса, алдыңкы 3 орундун бирөөсүн алабыз деген үмүт бар», -деди Илимбек Эсенбек уулу.
Машыктыруучунун айтымында, Селим Атамбаев буга чейин бир топ ирет шахмат боюнча мелдештерде байгелүү орундарды алган. Былтыр Дубайда өткөн чемпионатта 10 жашка чейинкилер арасына 1-орунга татыктуу болгон.
«Бишкек-2019 чемпионатынын» жеңүүчүлөрүнүн тизмеси:
6 жашка чейинки балдар арасында:
1-орун: Женишбеков Дастан
2-орун: Жумабаев Алишах
3- орун: Юбуров Ахмад
6 жашка чейинки кыздар арасында:
1-орун: Токтаалиева Аяна
2-орун: Мелисова Элайым
3- орун: Бакытова Аделя
8 жашка чейинки балдар арасында:
1-орун: Токтобеков Шабдан
2-орун: Ибраимов Дастан
3- орун: Камчыбеков Алтай
8 жашка чейинки кыздар арасында:
1-орун: Сагынбекова Жибек
2-орун: Сабырбекова Айжан
3- орун: Усманова Аиша
10 жашка чейинки балдар арасында:
1-орун:Алыбаков Наиль
2-орун: Шаршенбеков Эмир
3- орун: Момуналиев Руслан
10 жашка чейинки кыздар арасында:
1-орун: Съездбекова Айжан
2-орун: Куш Агния
3- орун: Карташева Яна
12 жашка чейинки балдар арасында:
1-орун: Юнусов Нуриддин
2-орун: Дуйшенбеков Элхан
3- орун: Атамбаев Селим
12 жашка чейинки кыздар арасында:
1-орун:Жунушбекова Аймончок
2-орун: Агалыкова Ангелина
3- орун: Абдурахманова Рамина
14 жашка чейинки балдар арасында:
1-орун:Орозбаев Эльдияр
2-орун: Суванбеков Джахонгир
3- орун: Абдылдаев Нурислам
14 жашка чейинки кыздар арасында:
1-орун: Момункулова Иманнур
2-орун: Орозбекова Айиза
3- орун: Кудайназарова Даира
16 жашка чейинки балдар арасында:
1-орун: Сакибаев Нурсултан
2-орун: Дегенбаев Азиз
3- орун: Кадыркулов Сайид
16 жашка чейинки кыздар арасында:
1-орун: Мирлан кызы Азалия
2-орун: Бакытова Бегимай
3- орун: Базарбаева Саадат
18 жашка чейинки балдар арасында:
1-орун: Съездбеков Руслан
2-орун: Шаршембиев Адил
3- орун: Сайпиев Темирлан
18 жашка чейинки кыздар арасында:
1-орун: Майрамбекова Айпери
2-орун: Советбекова Нурай
3- орун: Абдиразакова Эркеайым
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: