30.09.2019 21:00

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын камакта калуу мөөнөтү узартылды

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын камакта калуу мөөнөтү узартылды

Биринчи Май райондук соту бүгүн, 30-декабрда КСДПнын мүчөлөрү Фарид Ниязов, Алга Кылычов, Амантур Жамгырчиев, Кыяс Смайловдун баш коргоо чарасын карады. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, тергөөчү тергөө иштеринин созулуп кеткендигине байланыштуу КСДП өкүлдөрүнүн камакта отуруу мөөнөтүн узартууну өтүнгөн. Сот өтүнүчтү канааттандырып, Фарид Ниязов, Алга Кылычев, Амантур Жамгырчиев, Кыяс Смайловдорду 9-декабрга чейин камакта калтырды.

Эскерте кетсек, 7-8 август күндөрдө Кой-Ташта орун алган окуялардан кийин Алмазбек Атамбаевдин бир катар тарапташтары 8-октябрга чейин камалган. Аларга «жоокерлерди барымтага алуу» фактысы менен ачылган иш боюнча айып тагып жатышат.