11.12.2019 11:53

Алтын кенинде дайынсыз жоголгондор боюнча депутаттык комиссия түзүлөт

Алтын кенинде дайынсыз жоголгондор боюнча депутаттык комиссия түзүлөт

Жогорку Кеңеште бүгүн «Кумтөр» боюнча комиссия түзүүнү талап кылышты. Мындай демилгени бир канча депутат көтөрүп чыкты.

Буга алтын кендеги кырсык себеп болду. Төрага Дастанбек Жумабеков сунушту колдоду.

«Кийинки жумада өкмөт «Кумтөр» боюнча отчет берет. Ошондо дайынсыз жоголгондорду кандай издеп жатышканын сурайбыз», — деди Дастанбек Жумабеков. Бирок, эл өкүлдөрү буга нааразы болушту: компаниянын ишмердүүлүгү боюнча өкмөттүн отчету башка, кырсык такыр башка дешти.

Эске салсак, 1-декабрда аталган жайда жер көчкү жүрүп, эки киши дайынсыз болууда. ӨКМдин билдирүүсүндө, кырсык Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмардын кескин түрдө жылып кеткендигине байланыштуу болгон.

Учурда издөө иштери уланып, ага 94 кутаруучу жана 38 даана оор техника тартылган.