28.03.2018 12:06

Алтындарын көчөдөн чечтирип ийген аялдын арызы боюнча шектүү кармалды

Алтындарын көчөдөн чечтирип ийген аялдын арызы боюнча шектүү кармалды

Борбордук милиция тарабынан ушул жылдын 20-мартында көчөдө кетип  бара жаткан аялды токтотуп, күч колдонуу менен алтын сөйкөлөрүн чечип кеткен адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Окуя борбордо кечки саат 22:00дор чамасында болгон. Сөйкөдөн сырткары, ал аялдын жанындагы акчасын да тартып алган. Муну менен жабырлануучуга 10 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Бул факт боюнча Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында “Тоноо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.  
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, тартип сакчылары тарабынан кылмышка шектүү делип, 37 жаштагы жаран кармалды.

Учурда шектүү - камакта. Иликтөө иштери уланууда.