27.02.2019 13:46

Кафе кызматкерлерин тапанча менен коркутуп, кассадагы акчаны алып кеткен шылуун кармалды

Кафе кызматкерлерин тапанча менен коркутуп, кассадагы акчаны алып кеткен шылуун кармалды

Коомдук тамактануучу жайдын кызматкерлерин тапанча менен коркутуп, кассаны тоноп кеткен шылуун кармалды. Бул туурасында ИИМ маалымат кызматынан билдиришти.  

Маалыматка караганда, кылмыш ушул жылдын 20-февралында болгон. Болжол менен саат 22.50дө кара бет капчан киши Бишкектеги көчөлөрдүн биринде жайгашкан тез тамактануучу кафеге кол салган. Арам ойлуу адам кассада отурган кызды тапанча менен коркутуп, 63 миң өлчөмүндөгү акчаны алып из жашырган.  

Бул факт бирдиктүү реестрде катталып, 202-берене ( тоноочулук) боюнча сотко чейинки иликтөө башталган. 
25-февраль күнү Чүй облусунун 36 жаштагы тургуну Б.А. кармалган. Ал буга чейин «Адам өлтүрүү» беренеси менен соттолгону анык болгон.

Туугандарынын үйүн тинтүү учурунда сарайдан катылып коюлган газо-травматикалык  тапанча табылган. Учурда ал Бишкек ШИИББ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын башка кылмыштарга тиешеси жоктугу такталып жатат.